Кыргыз Республикасынын аймагына жеке максаттар менен келген чет элдик жарандарды каттоонун жаңы тартиби

img

2024-жылдын 5-сентябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү маселелери жөнүндө” 2024-жылдын 31-июлундагы №437 токтому күчүнө кирет.

Токтомго ылайык, өлкө аймагына келүүдөгү визасыз режимдеги өлкөлөр менен болгон каттоонун тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Алар төмөнкү өлкөлөр:
1. Орусия Федерациясы;
2. Казакстан Республикасы;
3. Тажикстан Республикасы;
4. Армения Республикасы;
5. Беларус Республикасы;
6. Грузия;
7. Азербайжан Республикасы;
8. Молдова Республикасы.

Министрлик Кыргыз Республикасынын аймагында 60 календардык күндөн ашык мөөнөткө, жумушка, окууга, ишкердикке байланышпаган жеке максаттары менен жарандардын жүрүүсүнүн жаңы жаңыланган тартибине көңүл бурат, аларды каттоо Кыргыз Республикасында болуу максатына жараша болууга укук берген документтин негизинде жүргүзүлөт.

Башкача айтканда, эгерде мурда Орусия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларус Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын жарандарын каттоо 6 (алты) айга жүргүзүлсө, анда Кыргыз Республикасынын аймагында узак убакыт бою жеке максаттарда визасыз жүрүү режими бар өлкөлөрдүн жарандарын каттоо/узартуу төмөнкү документтердин биринин негизинде гана жүргүзүлөт:, Кыргыз Республикасында болууга укук берүүчү (кыска мөөнөткө келген чет өлкөлүк жарандардан тышкары):
– жашап турууга уруксат;
– жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
– “Кайрылман” күбөлүгү;
– “Мекен-карт” күбөлүгү,
эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса.

Ошентип, ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин (Армения, Беларус, Казакстан, Орусия) жарандары өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир 180 күндүк мезгил ичинде документтерди тариздебей дээрлик 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Тажикстандын, Грузиянын, Азербайжандын жана Молдованын жарандары өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир 60 күндүн ичинде документтерди тариздебей жалпысынан 120 күнгө чейин жүрө алышат.

Кыргыз Республикасынын аймагында 60 же 90 күн болгондон кийин каттоодон өтпөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын чегинен чыгууга милдеттүү болушат жана тиешелүү түрдө 60 же 90 календардык күндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагына кайра кире алышат.

Ошону менен бирге, жогоруда аталган токтом менен Кыргыз Республикасынын аймагында жеке максаттарда жүргөн жарандар үчүн убактылуу жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү каралган, ал 15 жумушчу күндүн ичинде 1 жылга жарактуу мөөнөтү менен, андан кийин жыл сайын, бирок 5 жылдан ашык эмес узартуу менен берилет.

Жашап турууга убактылуу уруксатты тариздөө маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин же КТБнын каалаган аймактык бөлүмүнө кайрылуу зарыл.

Ошондой эле бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмүнө 0312380098, WhatsApp номуру 0999380025, @drndigital телеграм каналына же 119 колл-борборго (чалуулар акысыз) телефон аркыруу кайрылса болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертет:

Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына кирген күндөн тартып белгилүү бир мөөнөткө милдеттүү каттоодон төмөнкү өлкөлөрдүн жарандары бошотулат:

1) Орусия , Казакстан, Беларус, Армения – 30 күн;
2) Азербайжан – 15 күн;
3) Тажикстан – 60 күн;
4) Грузия – 90 күн.

Молдованын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде каттоодон өтүүгө милдеттүү.