Бишкекте чет өлкөлүк жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча жаңы борбор

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты каттоо департаменти Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандарга кызмат көрсөтүү борбордун ачылышы жөнүндө жарыялайт

2024-жылдын 10-октябрынан тартып Бишкек шаары, Жумабек көчөсү, 121 дарегинде чет өлкөлүк жарандар үчүн бардык кызматтар боюнча арыздарды кезексиз жана күтүү убакытсыз кабыл алуу башталды.

Департамент Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча жаңы борбордун ачылышы жөнүндө жарыялайт. Жаңы борбор эл аралык деңгээлдеги жарандарга ыңгайлуулук жана биринчи класстагы тейлөө менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Борбордо чет өлкөлүк жарандарды каттоо, жарандык алуу, Мекен карт, жашап турууга уруксат алуу үчүн арыздарды кабыл алуу жүргүзүлөт.

Чет өлкөлүк жарандарга кызмат көрсөтүү борборунун ачылышы биздин өлкөнүн коноктору үчүн сервисти жакшыртуу жана мыкты шарттарды түзүү боюнча стратегиябыздагы маанилүү кадам болуп калды.

Чет элдик жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча жаңы борбор нике сарайынын имаратында, чет элдик жарандар үчүн ыңгайлуу жерде жайгашкан.