Кыргызстандын санариптик келечеги үчүн жаңы өнөктөштүк
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги «Евразия Кей Джи» коомдук фонду менен кызматташуу туралуу Меморандумга кол койду.
Меморандум санариптик өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект жана байланыш жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Кызматташуунун алкагында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде иш-чараларды жана консультацияларды өткөрүүнү, ошондой эле тажрыйба алмашууну боюнча макулдашылды.
Мындын сырткары санариптик трансформация, телекоммуникация жана киберкоопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Меморандумга кол коюу кызматташууну кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүүсүнүн потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.