Tunduk тиркемесинде жаңы онлайн-кызмат: “Дарек боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат”
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, эми жаңы кызмат — Tunduk мобилдик тиркемесинде “Дарек боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат” жеткиликтүү. Эми турак жайлардын менчик ээлери өз дареги боюнча катталган адамдардын саны жөнүндө маалыматты Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбастан бир нече баскылоо менен ала алышат.
Кызматтын баасы 200 сом, ал эми маалымкат бир айга жарактуу.
Маалымкатты тариздөө үчүн Tunduk мобилдик тиркемесин жүктөө, жекелештирүү (авторизациялоо), “Маалымкаттар” бөлүмүнөн кызматты тандоо жана MegaPay аркылуу төлөө зарыл.
Tunduk тиркемесиндеги жаңы онлайн-кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жарандардын мамлекеттик кызматтар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүрүү менен дагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.