Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин жаңы орун басарлары дайындалышты

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Алешевич Касымалиевдин тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде төмөнкү кадрдык дайындоолор жүргүзүлдү::

  • Кубанов Нурсултан Кубанович – министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды;
  • Пирмаматов Азиз Салайдинович – министрдин орун басары болуп дайындалды;
  • Омор уулу Айбек – министрдин орун басары болуп дайындалды.

Министрлик санариптештирүү жана сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууну улантууда. Жаңы дайындоолор башкаруу курамын күчөтүүгө жана Министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.