Мамлекеттик мекемелердин IT-адистерин сыйлоо

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин түптөлгөндүгүнө карата мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын санариптик көндүмдөрдү иштеп чыгуу жана ишке киргизүү менен алектенген техникалык адистерине Министрликтин Ардак грамоталары тапшырылды.
Сыйлыктар ак ниеттүү иши, көрсөткөн демилгеси жана санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон барандуу салымы үчүн берилди.
Сыйлангандардын арасында төмөнкү мекемелердин адистери бар:
◾КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемеси
◾КР Мамлекеттик салык кызматына караштуу “Салык Сервис” Мамлекеттик мекемеси
◾КР Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” Мамлекеттик ишканасы
◾КР Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” Мамлекеттик мекемеси
◾КР Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” Мамлекеттик мекемеси
◾КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси
Ардак грамоталар натыйжалуу санариптик инфраструктураны курууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган адистердин эмгегин өз баалоо болуп саналат.