Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык жана ID паспорттор бериле баштады

img

Бүгүн, 2024-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Бишкектеги №4 Калкты тейлөө борборунда салтанаттуу түрдө өлкө тарыхында биринчи жолу Кыргызстанда (“Учкун” басмаканасында) даярдалып, бериле баштаган жаңы үлгүдөгү Жалпы жарандык паспортту жана ID паспортту алгачкы жарандарга тапшырды.

“Жаңы үлгүдөгү паспортторго мурунку паспортторго салыштырмалуу алда канча эсе коопсуздук элементтери кошулуп, сапаты жагынан дүйнө боюнча эң алдыңкы паспорттордун сап башында болушат. Бул саамалык мамлекетибиз үчүн абдан чоң жетишкендик. Себеби буга чейин биз чет мамлекеттен өзүбүздүн паспортторубузду сатып алсак, эми өзүбүздүн паспортторубузду өзүбүз чыгарып, мамлекетке каражат жагынан да алда канча эсе үнөмдүү болот”, – деп белгиледи Н.Кутнаева иш-чара учурунда.

Маалымат иретинде:
Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун идентификациялык карталары боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-декабрындагы №565 Жарлыгы менен “Учкун” ачык акционердик коому (ААК) мамлекеттик маанидеги документтерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу документтердин бланктарын даярдоочу болуп аныкталган.

2024-жылкы үлгүдөгү паспорт боюнча:
2024-жылкы үлгүдөгү паспортко 2017-жылкы үлгүдөгү паспортунан айырмаланып, паспорттун ичине контаксыз электрондук чип орнотулган. Бул электрондук эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берет. Ошондой эле, чиптин операциялык системасы ИКАОнун сунуштарына туура келет. Электрондук чиптин ичине жарандын жеке маалыматтары (биометрикалык, бармак издери, санариптик колтамгасы, бет түзүлүшүнүн санариптештирилген образы) киргизилген.
Паспорт үч денгээлдеги коргоонуч элементтерге ээ.

  • Биринчи денгээлдеги коргоонучу элементтер көзгө оңой көрүнөт
  • Экинчи деңгээлдеги коргоочу белгилери атайын түзүлүштөрдү колдоонуу менен көрүнөт
  • Ал эми үчүнчү денгээлдеги коргоочу белгилерди эксперттик көзөмөл жүргүзүүдө гана көрүүгө болот

Жалпысынан паспорт жогорку денгээлдеги 15 ке жакын коргоочу элементтерге ээ.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун наркы 681 сомду түзөт.
Ал эми, коңшу Казакстан Республикасынын ички паспортунун наркы 3696 тенге (738 с), Өзбекстан Республикасынын паспорту 198 470 сум (1374 с), Орусия Федерациясыныкы 1500 рубль (1500 сом) түзөт.