Министр МИБ ачылышына даярдык менен таанышты

2025-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов Маалыматтарды иштетүү борборунун (МИБ) ачылышына карата даярдыкты текшерди.
Жаңы борбор мамлекеттик маалыматтын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатып, жарандар үчүн санариптик кызматтарды жакшыртат.