Министр Нурия Кутнаева жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү
2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Асылбековна Кутнаева мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу кеңешмелерди өткөрдү, анда жарандар үчүн мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган маанилүү маселелер талкууланды.
Кеңешмелердин жүрүшүндө төмөнкү демилгелерге көңүл бурулду:
1. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу “онлайн каттоо” пилоттук кызматы
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын, “Инфоком” МИнин, “Түндүк” МИнин, Калкты каттоо департаментинин, Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү “Онлайн каттоо” кызматын пилоттук ишке киргизүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле жарандардын ыңгайлуулугу үчүн аталган кызматтын функционалын кеңейтүү талкууланды.
2. Мобилдик тиркеме аркылуу жаңы төрөлгөн балдарды онлайн каттоо
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук түзүмдөрүнүн өкүлдөрү ымыркайларды онлайн каттоо кызматын киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ата-энелер мобилдик тиркеме аркылуу баланын туулгандыгы тууралуу билдирмелерди алып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга арыз бере алышат, ошондой эле ата-энесинин бирине бир жолку “балага сүйүнчү” жөлөкпулун автоматтык түрдө тариздей алышат.
3. Мектептерге жана бала бакчаларга каттоо Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте балдарды катталган жери боюнча мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерине каттоо процессин автоматташтыруу маселелерин карашты. Бул билим берүү мекемелерин пландоону кыйла жакшыртууга жана жарандар үчүн процедураны жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.
Нурия Кутнаева мындай демилгелерди киргизүү Кыргыз Республикасынын Санариптештирүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналаарын жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталгандыгын баса белгиледи. Жарандар Калкты тейлөө борборлоруна жана башка мамлекеттик мекемелерге барбашы керек, бардык мамлекеттик кызматтар Мобилдик телефондо жеткиликтүү болушу керек. Ал белгилегендей, онлайн-программаларды ишке ашыруу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле алардын ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
“Биздин максат — жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылуу”, — деп билдирди санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.
Өткөрүлгөн кеңешмелердин жыйынтыгы жарандарды тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн санариптик демилгелерди ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын жалпы түшүнүү болду.