Санариптик өнүктүрүү министри III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту
2024-жылдын 20–21-декабрында Бишкек шаарында III Элдик курултай өтүүдө — бул маанилүү коомдук иш-чара, ага Кыргызстандын бардык аймактарынан 700 делегаттар жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышууда. Курултайдын күн тартибинде Кыргызстанды социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык жактан өнүктүрүү боюнча негизги маселелер каралууда.
Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева ушул иш-чаранын алкагында делегаттар менен жолугуп, санариптик трансформациянын артыкчылыктарын, интернетке жетүүнү жакшыртууну жана мамлекеттик онлайн кызматтарды өнүктүрүүнү талкуулады.
Министр баса белгилегендей, өлкө аймагы боюнча 3500 километрден ашык була-оптикалык байланыш линиялары тартылып, өлкө боюнча 1432 социалдык объектини туташтырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле Tunduk мобилдик колдонмосундагы жаңы кызматтар боюнча да айтып берди, тиркеме аркылуу 2024-жылы 33 жаңы кызмат жана 10 санариптик документтердин арасына 4 жаңы документтер ишке киргизилди. Колдонмонун жалпы жүктөөлөрү 3 миллиондон ашкандыгы белгиленди.
Санариптештирүү Министрликтин ишмердүүлүгүндө негизги артыкчылыгы бойдон калууда жана Министрлик мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.