КР Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Түрк мамлекеттер уюмунун өнөр жай, илим, технология жана инновациялар боюнча министрлеринин Биринчи жолугушуусунда Кыргызстандын жетишкендиктери менен тааныштырды
2024-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Түрк мамлекеттер уюмунун өнөр жай, илим, технология жана инновация министрлеринин Түркияда өткөн Биринчи жолугушуусуна катышты. Жолугушуу санариптик трансформациялоого жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган технологиялык өнүгүү жана Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү платформага айланды.
Министр Нурия Кутнаева өз сөзүндө белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстан инфраструктуралык долбоорлор боюнча күчөтүлгөн иштердин, ошондой эле санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү жана документтерди иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн аркасында санариптик трансформация чөйрөсүндө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бул иш-чаралар жарандардын күнүмдүк жашоосун кыйла жеңилдетип, административдик тоскоолдуктарды кыскартты.
Жолугушуунун алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн, анын ичинде Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркиянын өкүлдөрү инновациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулашты жана келечектеги кызматташтык үчүн приоритеттерди аныкташты. Өзгөчө көңүл жогорку технологиялар тармагында тажрыйба алмашуу маселелерине бурулду.
Катышуучулар Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн региондо санариптик технологияларды жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү боюнча биргелешкен ишке даярдыгын ырастаган илим жана инновациялар жаатындагы кызматташтык жөнүндө декларацияга кол коюшту.
Мындан тышкары, санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда стратегиялык өнөктөштүк жана санариптик трансформация жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү инновациялык чечимдерди киргизүү маселелери талкууланды. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бизнести өнүктүрүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Жакынкы убакта бул демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө боло турган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу пландаштырылууда.