Министр Азамат Жамангулов Азия-Тынч океан санариптик трансформация форуму-2025 алкагында БАРЭКтин Санариптик стратегиясы – 2030 боюнча атайын отурумга төрагалык кылды

2025-жылдын 26-июнунда Манилада, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) штаб-квартирасында, Азия-Тынч океан санариптик трансформация форуму-2025 алкагында, БАРЭКтин (Борбор Азилык Регионалдык Экономикалык Кызматташтыгы) Санариптик стратегиясы – 2030 ишке ашыруусуна орто аралык баа берүү боюнча атайын жыйын болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов төрагалык кылды.
АӨБ эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен биргеликте уюштурган форум Азия жана Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн санариптик өнүгүүсү, интеграциясы жана инновациялык чечимдери боюнча маселелерди талкуулоо үчүн негизги аянтча болуп саналат. Форумдун чордонунда — биргелешкен демилгелер, тажрыйба алмашуу жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү аркылуу туруктуу жана инклюзивдүү санариптик трансформацияны илгерилетүү турат.
Атайын жыйындын алкагында БАРЭКтин Санариптик стратегиясы -2030 ишке ашыруудагы жетишкендиктер, учурдагы көйгөйлөр жана аймактагы санариптик интеграцияны тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды. Киберкоопсуздук, маалымат алмашуу, санариптик идентификация жана электрондук кол тамгаларды өз ара таануу сыяктуу тармактарда макулдашылган иш-аракеттердин зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Азамат Жамангулов өз сөзүндө белгилегендей: “Санариптик трансформация – бул жөн гана технологиялар эмес. Бул биздин жарандардын жашоосун жакшыртуу, мамлекеттик кызматтарды тез, жөнөкөй жана жеткиликтүү кылуу жөнүндө. Ал эми бизнес үчүн – бул өсүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу мүмкүнчүлүгү. Бүгүн биз эки эселенген чакырыкка туш болуп жатабыз. Бир жагынан – тез өзгөрүп жаткан глобалдык өзгөрүүлөрдөн артта калбоо зарылдыгы, экинчи жагынан – жасалма интеллект жана чоң маалыматтарды камтыган жаңы технологияларды колдонуп, реалдуу көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөлөрүбүздүн өсүү потенциалын ачуу мүмкүнчүлүгү. Биз улуттук чек аралардан тышкары, кененирээк ойлонушубуз керек. Биз БАРЭКтин бүткүл аймагы үчүн туруктуу, коопсуз жана өз ара байланышкан санариптик инфратүзүмдү бирге курушубуз керек».
Кыргыз Республикасы аймакта санариптик трансформация күн тартибин активдүү илгерилетүүнү улантууда жана БАРЭК программасынын алкагында жалпы санариптик артыкчылыктардын негизинде кызматташтыкты кеңейтүүнү жактап келет.