Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Түндүк” жаңы онлайн кызматын ишке киргизди

img

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, эми жаңы кызмат — “Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Дарек боюнча катталгандардын саны жөнүндө маалымкат” жеткиликтүү. Эми турак жайлардын менчик ээлери өз дареги боюнча катталган адамдардын саны жөнүндө маалыматты Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбастан бир нече баскылоо менен ала алышат.
Кызматтын баасы 200 сом, ал эми маалымкат бир айга жарактуу.
Маалымкатты тариздөө үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемесин жүктөө, жекелештирүү (авторизациялоо), “Маалымкаттар” бөлүмүнөн кызматты тандоо жана MegaPay аркылуу төлөө зарыл.
Бардык суроолор боюнча 119 сурап-билүү кызматына кайрылсаңыздар болот.
“Түндүк” тиркемесиндеги жаңы онлайн-кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жарандардын мамлекеттик кызматтар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүрүү менен дагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.