Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө жарыялайт 

img
  1. Кесиптик билим деңгээли:

– саламаттык сактоо, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү жогорку билим же саламаттык сактоо системасында санариптик долбоорлорду ишке ашыруу жана киргизүү тажрыйбасы бар башка жогорку билим

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– саламаттык сактоо системасында же маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес, саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик долбоорлорду, анын ичинде эл аралык долбоорлорду ийгиликтүү ишке киргизүү жана аларды коштоо боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы;

– жетекчи кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы .

  1. Кесиптик компетенциялары:

1) билүүсү:

– Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле саламаттык сактоо, электрондук башкаруу, электрондук колтамга чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды;

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик, расмий жана чет (англис) тилдерин.

2) билгичтиги:

– ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

– тейлеген ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

– оор кырдаалдарда чечимдерди кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишине объективдүү баа берүү;

– жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык баарлашуунун заманбап ыкмаларын колдонуу;

– таламдардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

3) көндүмдөрү:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– башкаруу иши (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);

– эл алдында чыгып сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

– белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдерди аткаруунун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу, кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү, контролдоо, талдоо жана болжолдоо;

– иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

– жеке арызы, резюмеси (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен);

– паспорттун көчүрмөсү;

– зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);

– сунуштама каттары (колдоого алынат);

– толук маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин www.digital.gov.kg., Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин www.med.kg. веб-сайттарында жайгаштырылган.

Көктөмөгө тиркелген документтерди 2024-жылдын 12-ноябрынан 18-ноябрына чейин Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119 дареги боюнча 218-иш бөлмөсүнө тапшыруу зарыл, телефон: 60-50-04.