Санариптик өнүктүрүү министрлиги аймактардын жашоочулары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт

img

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Министрлер Кабинети мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы калк менен жолугушууларынын өнөктүгүн баштады. Бул иш-чаралардын максаты бийлик менен жарандардын ортосунда түздөн-түз байланыш түзүү, ошондой эле социалдык жана экономикалык чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди чечүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул демилгеге активдүү катышууда.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары Замирбек Кожомуратов жана Сергей Слесарев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу жана Министрликтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн аймактарга иш сапарларын өткөрүп жатышат.

2024-жылдын 1-8 август күндөрү Замирбек Кожомуратов Баткен жана Ош облустарында, ал эми Сергей Слесарев Талас жана Нарын облустарында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда болгон. Бул сапарлардын алкагында алар тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, зарыл болгон колдоо көрсөтүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Жакынкы апталарда жолугушуунун графиги төмөнкүдөй болот:

• Замирбек Кожомуратов Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 12-августунан 17-августуна чейин жолугушууларды өткөрөт;

• Сергей Слесарев Ысык-Көл облусунун калкы менен 2024-жылдын 9-13-августунда жана Чүй облусунун калкы менен 16-22-августунда жолугушат.

Аталган иш-чаралардын алкагында Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын жана 18 министрлик менен ведомствонун өкүлдөрү катышууда. Социалдык жана экономикалык саясат маселелерине, мамлекеттик түзүмдөрдүн ишине, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатына, ошондой эле укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнө көңүл бурулат.

Мамлекеттик органдар келип түшкөн бардык маселелер боюнча консультацияларды өткөрүшөт жана жарандардан жазуу жүзүндөгү кайрылууларды кабыл алышат.

Бул иш-чаралар мамлекеттик органдар менен калктын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, бийликтин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын жогорулатууга, ошондой эле актуалдуу маселелерди натыйжалуу чечүүгө багытталган.