КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчилердин орун басарлары үчүн кадрдык резервин түзүү тартибин бекитти

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүү жана иштетүү тартиби бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги мамлекеттик органдардын санариптик өнүктүрүүнү тейлеген жетекчилеринин орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартибин бекитти.
Бул жаңы тартиптин максаты – башкаруучу курамды түзүүдө айкындуулукту, объективдүүлүктү жана ачыктыкты камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик кызматка санариптештирүү тармагындагы квалификациялуу жана мотивациялуу адистерди тартуу.
Негизги жоболор:
Кадрлар резерви жылына эки жолу өткөрүлүүчү ачык сынактын жыйынтыгында түзүлөт.
Сынакка жогорку билимдүү жана IT чөйрөсүндө же жетекчилик кызматтарда иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.
IT чөйрөсүндөгү мыйзамдарды билүү, стратегиялык пландаштыруу, жамаатты башкаруу, аналитикалык документтерди иштеп чыгуу ж.б.у.с. так квалификациялык талаптар белгиленген.
Тандоо эки этапта өтөт: документтерди текшерүү жана баллдык система менен бааланган маектешүү.
Конкурстук комиссиясы Министрлик тарабынан түзүлөт жана анын курамына Президенттин Администрациясынын, кадрлар жана санарип кызматтарынын өкүлдөрү кирет.
Резервде болуу мөөнөтү:
Сынакты ийгиликтүү өткөндөр үчүн – 2 жыл;
Буга чейин кызмат ордун ээлеп, кыскартуу же кайра уюштуруу себептеринен улам бошотулгандар үчүн – 1 жыл.
Дайындоо тартиби:
Бош кызмат орду пайда болгон учурда, Министрлик мамлекеттик органга резервдеги талапкерлердин тизмесин жөнөтөт, ал эми дайындоо боюнча акыркы чечим санариптик өнүктүрүү министри менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.
Жарандыгын жоготкон учурда, так эмес маалыматтарды бергенде, бош кызмат ордун ээлөөдөн эки жолу баш тарткан учурда жана Тартипте каралган башка негиздерде резерв жокко чыгарылышы мүмкүн.
Бул механизмди киргизүү санариптик өнүктүрүү тармагындагы башкаруучу кадрларды тандоонун туруктуу жана болжолдуу системасын түзөт, мамлекеттик кызматтын профессионалдашуусуна жана өлкөдө санариптештирүү процесстерин тездетүүгө өбөлгө түзөт.
Тартиптин толук текстин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин расмий сайтынан таба аласыз.