КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Жашыл мурас» кампаниясына катышты

img

Улуттук «Жашыл мурас» кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин аймагына карагай көчөттөрү отургузулду. Иш-чаранын негизги максаты – шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу.

Иш-чарага санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов катышып, мындай демилгелер шаардын экологиялык таза жана жашоого ыңгайлуу болушуна чоң салым кошорун баса белгиледи.