Улгайган адамдар үчүн санариптик сабаттуулук боюнча электрондук окуу куралы ишке кирди

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлиги (СӨИТМ) улгайган жарандар үчүн атайын иштелип чыккан, өлкөдөгү алгачкы электрондук окуу китептин ишке киришин жарыялайт.

Бул демилге «Кыргыз Республикасында улгайган адамдардын укуктарын кеңейтүү үчүн санариптик технологиялар» долбоорунун алкагында, Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор менен биргеликте ишке ашырылылды. Аталган окуу китеп улгайган жарандар арасындагы санариптик теңсиздикти азайтууга багытталган.

Окуу куралы кыргыз жана орус тилдеринде жасалып, анын ичинде төмөнкү материалдарды камтыйт:
• Видеосабактар жана жалпак тил менен берилген көрсөтмөлөр;
• Жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде берилген түшүндүрмөлөр;
• Санариптик түзмөктөрдү колдонуу боюнча практикалык кеңештер;
• Интернетти коопсуз пайдалануу боюнча сунуштар;
• Онлайн төлөмдөрдү жасоо жана мамлекеттик кызматтар менен «Түндүк» платформасы аркылуу иштөө боюнча нускамалар.

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлиги бул долбоорду толук колдойт жана өзүнүн расмий сайты аркылуу окуу куралына кеңири жеткиликтүүлүктү камсыздоого көмөктөшөт. Бул аракет калктын бардык катмарына санариптик билимге тең мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.

Электрондук окуу куралын көрүү үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу кире аласыз: https://rce.kg/elektronnyj-uchebniktsifrovaya-gramotnost-dlya-pozhilyh-lyudej/

Бул долбоор – мамлекеттин санариптик трансформацияга жана инклюзивдүүлүккө умтулушунун айкын далили. СӨИТМ санариптик мүмкүнчүлүктөр ар бир жаранга жеткиликтүү болушу үчүн иштерди уланта берет.