КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Кыргызстанда жасалма интеллектти өнүктүрүүгө багытталган суперкомпьютерлерди сатып алууну жарыялады

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жогорку өндүрүмдүү эсептөө комплекстерин (суперкомпьютерлерди) сатып алуу тууралуу жарыялады. Сатып алуунун максаты – өлкөдө жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү үчүн инфратүзүмдү камсыздоо болуп саналат.

Тендер тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына http://www.zakupki.gov.kg дарегинде №250909524784279 жарыясынын номери менен жайгаштырылган. Конкурстук сунуштарды ачуу 2025-жылдын 23-сентябрына пландаштырылган.

Бул демилге Кыргызстандын санариптик трансформациясын тездетүүгө жана илимий-техникалык потенциалын чыңдоого багытталган.