КР СӨМ менен ЕККУ санарип багытында кызматташуу макулдашуусуна кол коюшту

img

КР санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов менен ЕККУнун элчиси Алексей Рогов санариптик технологияларды өнүктүрүү жана инновациялык долбоорлорду колдоону камтыган 2025-жылга карата кызматташтык багытында макулдашууга кол коюшту.

Кызматташтыктын алкагында Министрлик санариптик демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзчү техникалык жабдыктарды алды.

Жолугушууга ЕККУнун өкүлдөрү, тармактык серепчилер катышышып, санариптик өнүктүрүүгө жана коррупцияга каршы саясатты күчөтүүгө багытталган эки тараптуу аракеттердин маанилүүлүгүнө басым жасашты.