КР СӨИТМ менен Евразия өнүктүрүү банкы санариптик долбоорлорду талкуулашты

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга министр Азамат Жамангулов жана Президенттик Администрациянын Кырдаалдык борборунун директору Азат Ибраимов катышышты.

Министрлик төмөнкү үч артыкчылыктуу долбоорду сунуштады:

• IT-шаарчаны куруу,
• негизги жана резервдик маалыматтарды иштеп чыгуучу борборлорду түзүү,
• коммерциялык уюмдар үчүн ишенимдүү үчүнчү тарап кызматынын киргизилиши.

Долбоорлор санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана технологиялык өсүш үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. ЕӨБ тарабынан колдоо көрсөтүүнүн мүмкүн болгон форматтары каралды.