СӨМ байланышта: Онлайн консультациялар

img

Кыргызстандын жарандары жана борборубуздун тургундары!

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн адистери менен кошумча байланыш каналдары аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгүн бере тургандыгын эскертип кеткибиз келет. Мындай кайра байланыш кызматтары, архив, калкты каттоо жана документтештирүү, ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, “Түндүк” тиркемеси жөнүндө ыкчам онлайн-консультацияларды алуу боюнча жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн каралган.

Ошондой эле Telegram или Whatsapp Мессенджерлердеги төмөнкү чат-боттор аркылуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга болот, алар:

  • КР СӨМгө караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын телеграмм каналы – https://t.me/bailanyshdigital ;
  • КР СӨМгө караштуу Архив кызматынын телеграмма каналы, анда архивдик маалымкаттар боюнча консультацияларды алууга болот – https://t.me/archive_kg ;
  • Калкты каттоо департаментинин жана КТБнын паспорт, калкты каттоо, паспорт ж. б. маселелери боюнча телеграмм-каналы https://t.me/drndigital ;
  • @tundukgov_bot – электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жана “Түндүк” тиркемесинде булуттук электрондук кол тамганы жана сунушталган онлайн кызмат көрсөтүүлөрдү алуу маселелери боюнча;
  • Ошондой эле сиз office@tunduk.gov.kg +996 558 988 123 Whatsapp-каналына кайрыла аласыз.

Мындан тышкары, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин digital.gov.kg. расмий сайтында “Sanarip Bot” онлайн-жардамчысы жеткиликтүү.

“Sanarip Bot” жарандарга жана кызмат алуучуларга реалдуу убакыт режиминде күнү-түнү колдоо көрсөтөт.

Кызматтар боюнча жооп алуу үчүн тейлөө тилин жана суроону тандоо жетиштүү. Кызыктырган суроолордун тизмесинде сизге керек суроого жооп жок болгон учурда, сиз браузердин терезесине билдирүү жаза аласыз.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 119 колл-борборунун операторлору сиздин суроо-талабыңызды жакынкы жумуш убактысында иштеп чыгышат.

Ыңгайлуу байланыш каналын тандаңыз!