КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жабдууларды сатып алуу боюнча коммерциялык сунуштарды чогултууну жарыялайт

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Жасалма интеллект боюнча милдеттерди аткаруу үчүн жабдууларды жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды кабыл алууга жабдуу жеткирүүчүлөрдү чакырат.

Министрлик жогорку өндүрүмдүүлүктөгү сервердик эсептөө түйүндөрүн NVIDIA H100/H200 SXM5 форм-факторундагы графикалык ылдамдаткычтар менен жабдуу боюнча сунуштарды кабыл алууда. Бул жабдуулар Жасалма интеллект, автоматтык үйрөнүү, ири маалыматтарды иштетүү жана инженердик моделдөө тармактарындагы милдеттерди аткаруу үчүн колдонулат.

Бул демилге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 285-р Токтомуна ылайык ишке ашырылууда.

Сатып алууга эсептөө түйүндөрүнүн толук кандуу иштеши үчүн керектелүүчү активдүү жез сплиттер-кабелдер да кирет.

Коммерциялык сунуштар төмөнкү маалыматтарды камтуусу керек:
• Жабдуулардын наркы (позициялар боюнча бөлүнгөн);
• Программалык камсыздоонун наркы;
• Бажы төлөмдөрүн кошкондо Кыргыз Республикасына жеткирүү чыгымдары;
• Кепилдик тейлөө мөөнөтү;
• Кепилдиктен кийинки техникалык колдоонун жылдык наркы;
• Сунушталган жабдуунун техникалык мүнөздөмөлөрү.

Коммерциялык сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү — 2025-жылдын 23-июнуна чейин (кошо алганда).

Байланыш маалыматтары тактоо үчүн:
Телефон: 0 (312) 54-60-52
Электрондук почта:
• info@digital.gov.kg
• ealdayarov@digital.gov.kg
• beishenbievich@digital.gov.kg