Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервине конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервине конкурс жарыялайт
1. Кесиптик билим деңгээли:
– маалыматтык технологиялар, эсептөө техникасы, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук, информатика, башкаруу системаларын автоматташтыруу багыттары боюнча жогорку билим же санариптик долбоорлорду ишке ашыруу жана башкаруу тажрыйбасы болсо башка жогорку билим;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын жетекчилик кызматтарында жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же МКТ чөйрөсүндө (долбоордук башкаруу, санариптик продуктуларды иштеп чыгуу, тармактык инфраструктураны коштоо ж. б.) 2 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялары:
– билүү:
Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдары;
менеджмент негиздерин; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
чет тилин (артыкчылыктуу).
– жөндөмдөр:
ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
кризистик кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик;
кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишине объективдүү баа берүү;
жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар аралык мамилелердин заманбап ыкмаларын колдонуу;
конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
– көндүмдөр:
башкаруучулук менеджмент;
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
башкаруу иши (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);
эл алдында чыгып сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
ишкер байланыштын жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү;
белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдерди аткаруунун сапаты үчүн жоопкерчилик тартуу;
кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү, контролдоо, талдоо жана болжолдоо.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
– жеке Арыз;
– паспорттун көчүрмөсү;
– резюме (электрондук почтаны, ИЖНди – идентификациялык жеке номерин жана соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо);
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы болсо);
– окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);
– жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу.
Толук маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин веб-сайтында жайгаштырылган: www.digital.gov.kg.
Документтер саат 2025-жылдын 28-июлуна саат 17.00гө чейин Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119 дареги боюнча, кабинет 218, тел: 60-50-04 же info@digital.gov.kg. E-mail боюнча кабыл алынат.