Санариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүү маселеси талкууланды

2025-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде Министрликтин жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери үчүн маанилүү иш-чара болуп өттү. Негизги көңүл коррупция менен күрөшүүгө багытталган мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө бурулду.
Негизги өзгөрүүлөр:
– Коррупция үчүн жазаларды күчөтүү;
– Коррупция менен соттолгондор үчүн мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуу;
– Зыяндын ордун толтуруу менен жазадан бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдарда жана укук коргоо түзүмдөрүндө мурда коррупциялык укук бузуулары бар адамдар үчүн иштөөгө чектөөлөр киргизилген.