Кыргызстан санариптик инклюзия жана трансформация боюнча Азия-Тынч океан министрлик конференциясына катышууда

img

2024-жылдын 3-5-сентябрында Астанада БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын колдоосу астында санариптик инклюзия жана трансформация боюнча Азия-Тынч океан министрлик конференциясы өтүүдө. Конференция санариптик трансформация маселелерин талкуулоо үчүн Азия-Тынч океан аймагындагы 62 өлкөнүн өкүлдөрүн бириктирди.

Бул форумда Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева катышууда.

Ал өз сөзүндө санариптик трансформация Президент С. Н.Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А. Ү. Жапаров үчүн артыкчылыктуу болуп саналаарын белгилеп, Кыргызстандын санариптештирүү жаатындагы олуттуу жетишкендиктерин баса белгиледи.

Тактап айтканда, ал санариптик трансформациянын айрым натыйжаларын белгиледи:

– Салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү: салык кызматында 30га жакын маалыматтык тутумду киргизүү жана интеграциялоо салыктарды жыйноону үч эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Салык процедураларын санариптештирүү, ошондой эле товарларды көзөмөлдөө жана контрабанданы контролдоо боюнча аянтчаны түзүү бизнестин көмүскөдөн чыгуусуна чоң өбөлгө түздү.

– Мамлекеттик инвестициялардын өсүшү: салыктарды жыйноонун жогорулашы бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүүгө жана социалдык долбоорлорго олуттуу инвестицияларды баштоого мүмкүнчүлүк берди. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 100 завод жана фабрика, ошондой эле мектептерди, ооруканаларды жана китепканаларды кошкондо 100дөн ашык социалдык объекттер ишке киргизилген.

– Санариптик кызматтарды кеңейтүү: жарандарга жана юридикалык жактарга 1,8 миллион булут электрондук кол тамгасын акысыз берүү, анын 1,5 миллионун жарандар мобилдик тиркемелер аркылуу онлайн режиминде алышкан, мамлекеттик кызматтарга, анын ичинде чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылышкан.

– Документтерди санариптештирүү: негизги документтер эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү, бул банктарда, ички каттамдарда же патрулдук кызмат менен өз ара аракеттенүүдө колдонуу үчүн өздүк күбөлүктү же айдоочулук күбөлүктү алып жүрүү зарылдыгын жокко чыгарат.

– Юридикалык жактарды каттоо: 2024-жылдын 27-августунан тартып Юстиция министрлиги уюмдарды юридикалык каттоого онлайн-арыз берүү тутумун киргизген.

– Жаңы төрөлгөндөрдү каттоо: мурда Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын 7-10% ы жашоосунун биринчи жылында туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. 2024-жылы Санариптик өнүктүрүү министрлигин, Саламаттык сактоо министрлигин жана Эмгек министрлигин байланыштыруучу тутум интеграцияланган, бул ымыркайлардын 100% катталышын көзөмөлдөөгө жана алардын документтештирилишин камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүн жаратты.

Бул чаралар мамлекеттин санариптештирүүгө болгон умтулуусун көрсөтүп турат, бул жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга гана эмес, бардык деңгээлдерде башкаруунун жана контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Конференциянын алкагында Н.А. Кутнаева Казакстандын, Өзбекстандын, Түштүк Кореянын, Ирандын, Моңголиянын санариптик өнүктүрүү министрликтеринин жетекчилери, БУУнун Азия жана Тынч океан өлкөлөрүндөгү экономикалык жана социалдык комиссиялардын өкүлдөрү, ШКУ Катчылыгынын санариптештирүү боюнча бөлүмүнүн жана БУУнун Азия жана Тынч Океан өлкөлөрүндөгү экономикалык жана социалдык комиссиясынын санариптештирүү жана Маалыматтык-Коммуникациялык технологиялары боюнча Азия-Тынч океан Окуу борборунун директорлору менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү жана санариптик трансформацияны жигердүү түрдө илгерилетүүнү улантууга ниеттенүүдө.