Кыргызстан менен Монголия санариптештирүү тармагында кызматташууга макулдашты

img

Кыргызстан менен Монголия санариптик өнүктүрүү тармагында узак мөөнөттүү өнөктөштүккө негиз боло турган Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Кыргыз тарап «Түндүк» платформасы аркылуу 180 санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү ийгиликтерин жана инновациялар менен электрондук бизнести жөнгө салган Санариптик кодекстин кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Монголия БУУнун электрондук коммерция рейтингинде 28 позицияга жогорулоо, e-Mongolia жана e-Business платформаларын ишке киргизүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана маалыматтарды коргоо жаатындагы реформаларын тааныштырды.

Жеке сектордун технологиялык чечимдери, анын ичинде ERP-системалар, электрондук нотариат жана чоң маалыматтар менен иштөө маселелери талкууланды.

Тараптар санариптештирүү жана электрондук бизнес жаатындагы техникалык консультацияларды жана биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.