Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен санариптик өнүгүүнү талкуулады

img

Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги «Стратегиялык өнөктөштөр менен санариптик трансформацияны ылдамдатуу» аттуу тегерек стол өткөрдү. Ага эл аралык каржы уюмдарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү жана «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорунун командасы катышты.

Жыйында негизги максаттарынын бири, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты бекемдөө жана санариптик өнүгүү багытында биргелешкен кадамдарды аныктоо болду.

Талкууда мамлекеттик булуттук платформа G-Cloud’ду өнүктүрүү жана жаңы «Санарип Ордо» долбоорун ишке ашыруу маселелери көтөрүлдү. Бул долбоорлор өлкөдө санариптик инфраструктураны кеңейтүүгө, электрондук мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга жана жарандардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.

Иш-чаранын ачылышында министр Азамат Жамангулов жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Хью Ридделл сөз сүйлөп, реформалардын маанилүүлүгүн белгилешти жана мындан ары да кызматташууга даяр экенин айтышты.

Ошондой эле министрлик менен Дүйнөлүк банктын делегациясынын ортосунда өзүнчө жолугушуу өтүп, санариптик трансформацияга инвестиция тартуу жана өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча маселелер каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстанда санариптик күн тартибин туруктуу илгерилетүү үчүн биргелешкен сунуштар жана аракеттерди координациялоо багыттары белгиленди.