Кыргызстан и Корея: Партнерство в цифровой трансформации КР

img

Кыргызстан жана Корея: Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациясындагы өнөктөштүк

Бүгүн, 2024-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги менен KOICAнын президенти Чан Вон Сам мырзанын жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө тараптар учурдагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашып, келечекке пландарды белгилешти.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко KOICA биргелешкен долбоорлору боюнча баяндама жасап, алардын өлкөнүн санариптик трансформациясы үчүн маанисин баса белгиледи. Электрондук өкмөт, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, IT тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жаатындагы демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.

«KOICA менен өнөктөштүгүбүз алкагында биз санариптик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууда олуттуу прогресске күбө болуудабыз. Бул санариптик трансформацияга жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга карай маанилүү кадам», – деп белгиледи ал.

KOICAнын президенти Чан Вон Сам Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты жогору баалап, мамлекеттин ачыктыгын жана колдоосун баса белгиледи. Ал ишке ашырылып жаткан демилгелердин туруктуулугуна өзгөчө көңүл буруп, KOICA Кыргызстан үчүн приоритеттүү багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантат деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги KOICAга өлкөнүн санариптик секторун өнүктүрүүгө туруктуу колдоосу жана олуттуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Тараптар Кыргызстанды санариптештирүү тармагында олуттуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүккө өз ара берилгендигин ырасташты.