Кыргызстан менен Кытайдын Inspur компаниясы санариптик технологиялар жаатында кызматташууга макулдашты

img

Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлиги менен Inspur Yunzhou Industrial Internet Co., Ltd. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Документ тараптардын санариптик технологиялар, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун куруу, булут чечимдерин, жасалма интеллект жана өнөр жай интернетин киргизүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин бекемдейт.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Азамат Жамангулов Кыргызстан Кытайдын санариптик трансформация тажрыйбасын кызыгуу менен изилдеп, мыкты тажрыйбаларды улуттук шарттарга ылайыкташтырууга даяр экенин белгиледи. Өлкөнүн санариптик инфраструктурасынын стратегиялык элементи жана Борбордук Азиядагы аймактык хаб боло турган маалыматтарды иштеп чыгуу борборун куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.

Inspur менен кызматташуу санариптик экономиканы өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.