Кытай-Евразиялык ЭКСПО: эки тараптуу 40тан ашык документтерге кол коюлду

img

Үрүмчү шаарында (КЭР СУАР) өткөн “Кытай-Евразиялык ЭКСПО” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдары, ошондой эле бизнес-коомчулук ортосунда 40тан ашык документке жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга кол коюлду.

Документтер энергетика, унаа куруу, логистика, соода жана тоо-кен сыяктуу тармактарды камтыйт.

Белгилей кетсек, кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар ишкерлер катышты. B2B форматында сунуштар жана инвестициялык долбоорлор талкууланды.

“Эки өлкө, эки Парк” демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, “Кыргыз почтасы” ААК, Кашкар экономикалык өнүгүү аймагынын Башкаруу комитети жана КЭР инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча Кашкар кытай-кыргыз компаниясы менен биргеликте бир катар долбоорлор, анын ичинде Нарын облусунда Авто-жыйноочу заводдун курулушу боюнча алкактык макулдашууга кол коюшту.

Бул долбоорлор бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана Кыргызстандын рыногун ички пайдалануу жана экспорт үчүн өздүк автомобилдер менен камсыз кылуу менен региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.