Санариптештирүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосуна кандай таасир этет?
Санариптик документтер, накталай эмес төлөмдөр, билдирүүлөр, тиркемелер, корпоративдик веб-сайттар жана башка көптөгөн нерселер биздин күнүмдүк жашообузда кадимки көрүнүшкө айланды. Кыргызстандыктар үчүн кеңири масштабдуу санариптештирүүнүн өнүмдөрү барган сайын көбөйүүдө, бирок өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул чек эмес.
Жалпысынан өлкө санариптештирүүгө муктажбы? Ал жашоонун кайсы тармактарын камтыйт жана карапайым жарандардын жашоосуна кандай таасир этет? Ушул жана башка суроолорго КР санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жооп берди.
Нурия Асылбековна, сиз жакында эле санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалдыӊыз. Ошого карабастан өткөн жыл ичинде кандай иштер жасалганы тууралуу айтып берсеӊиз?
Ооба, сиз туура айтасыз, мен өткөн жылдын сентябрь айында санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалдым жана ушул убакыт ичинде биз жетиштүү интенсивдүү иш жүргүздүк. Мен дароо эле айта кетейин, биз ишти нөлдөн баштаган жокпуз. Санариптештирүүнүн алгачкы кадамдары 2014-жылы эле мамлекеттик бир орган тарабынан берилген жеке идентификациялык номерлерди киргизүү, мамлекеттик органдардагы ар кандай маалыматтык системаларды түзүү, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын киргизүү менен башталган. Биз мындан ары кеттик.
Жалпысынан, санариптик трансформациялоонун негизги максаты – бюрократияны жоюу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө кетүүчү чыгымдарды азайтуу менен биздин жарандарыбыздын жана ишкерчилик менен алектенүүчүлөрдүн жашоосун жеңилдетүү. Биз санариптик кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү, түшүнүктүү жана акысыз болушун каалайбыз, ошол эле учурда санариптик байланышты жакшыртуу аркылуу мамлекетке кайрылууларды азайтабыз. Эгерде адамдар чиновниктерге азыраак кайрылышса, демек, жарандарга кеңселерден маалымкат алуу үчүн чуркоонун кереги жок болуп калганы, ал эми чиновниктер болсо маанилүү иштерге көбүрөөк убакыт бөлүшөт жана бул алардын ишин натыйжалуу кылат. Бирок эң башкысы – санариптик трансформация процесстери товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жана маалыматтарга көз салууга мүмкүнчүлүк берет, бул мамлекеттик бюджеттин кирешелерин көбөйтүүдө негизги ролду ойнойт.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги бир нече багытта иштейт: санариптештирүү, паспорт чөйрөсү, архив иши, жана байланыш. Мына ушул төрт багыт жөнүндө учкай айтып өтөйүн.
Санариптештирүүдөн баштайлы. Санариптик кызматтарды алуу үчүн жарандар санариптик дүйнөдө өздөрүн аныктап алышы керек, башкача айтканда, бул жаран Эшматов Акмат Эшматович эмес, Асанов Үсөн Асанович экенин маалымат системаларына айтышы керек. Бул ишти электрондук колтамгалар аткарат. Аларды толук масштабдуу ишке киргизүү үчүн көп иштер жасалды, ошого карабастан, калк арасында нааразычылыктар да болду: эмне үчүн булут электрондук колтамгаларды Калкты тейлөө борборлорунан гана алууга болот? – деген сыяктуу. Анан 2023-жылдын сентябрынан баштап «Түндүк» тиркемеси аркылуу, андан кийин башка коммерциялык уюмдардын мобилдик тиркемелери аркылуу булут электрондук колтамгаларды аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул биздин жарандарыбызга, анын ичинде чет өлкөлөрдө дагы, КТБларга келбестен жана үйүнөн чыкпай туруп электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Башкача айтканда, ушул булут электрондук колтамгаларды (же биз кыскача айткан БЭК) алыстан алууга түзүлгөн шарт, өлкөбүздүн анын ичинде алыскы аймактардын жашоочулары жана биздин чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз үчүн түзүлгөн алдыга карай чоң кадам болуп саналды. Цифралар менен айта турган болсом: 2022-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-августуна чейин 400 миңге жакын электрондук колтамга алынган болсо, 2023-жылдын сентябрынан баштап 2024-жылдын майына чейин 1 миллиондон ашык жарандар электрондук колтамгаларды алышты, алардын басымдуу көпчүлүгү (934 миң) – аралыктан (онлайн) режими менен алынган.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде 8 документ бар болуп калды: паспорт, туулгандыгы тууралуу, анын ичинде балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, ажырашуу тууралуу күбөлүк, техпаспорт, айдоочулук күбөлүк, пенсиялык күбөлүк, жеке ишкердин күбөлүгү. Менин өзүмдө «Түндүк» тиркемесиндеги 3 документим бар, аларды мисал катары мезгил-мезгили менен ар кандай эл аралык форумдарда көрсөтүп турам. Бул көп учурда башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн арасында таң калууну жаратат, анткени булар бардык эле өлкөлөрдө ишке ашырылган эмес.
Биздин кыргызстандыктар эми бир катар документтерди өздөрү менен кошо алып жүрүүнүн зарылдыгы болбой калганына, телефондо ошол документтердин санарип түрүнүн тиркемеси эле болгону жетиштүү экенине абдан ыраазы. Документтерди өздөрү менен кошо алып жүрүүнүн кажети жок экенине ыраазы болгон карапайым жарандардан биздин дарегибизге карата абдан көп ыраазычылыктар болду.
Бирок, санариптик документтерди ишке киргизүүдө айрым банктар же нотариустар паспортту санарип форматта кабыл алышкан жок деп жарандардын нааразычылыктары болгон. Биз бир нече жолу кеңешмелерди өткөрдүк, эми Улуттук банктын жана Юстиция министрлигинин көмөгү менен санариптик документтерди өлкөнүн бардык нотариалдык кеңселери жана банктары кабыл ала баштады. Баса, мен жакында нотариуска барганда санариптик документтеримди көрсөтүп, тиркемени өзүм колдондум.
Албетте, биз муну менен токтолбойбуз. Санариптик документтерди жана кызматтарды дагы көбүрөөк киргизүүнү пландап жатабыз.
Андан тышкары, биз дагы бир кадам алдыга жылып, «адегенде санариптик формат» (“digital first”) принциби боюнча иштегибиз келет. Мисалы, алгач биз КТБдан паспорт алабыз, андан кийин гана ал мобилдик тиркемеде санариптик документ түрүндө пайда болот. Биз тескерисинче, паспорт башында санариптик форматта пайда болсо, анан адамга аны милдеттүү түрдө кагаз түрүндө жасоонун зарылдыгы болбой калса дейбиз.
Ошондой эле «Түндүк» тиркемесинде кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттары боюнча да маалыматтар бар. Мисалы, КР Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте биз автомобилди кайра каттоо функциясын ишке киргиздик. Бирок баары бир Транспортту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин тиешелүү аймактык бөлүмүнө текшерүү үчүн унааны көрсөтүү керек. Биз азырынча бул биринчи этап деп эсептейбиз, бирок келечекте Транспортту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик андан да ары кетиши толук мүмкүн. Экинчи кадам – жакында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте батирлерди кайра каттоону ишке киргиздик жана мындан ары дагы ушул багытта иш алып барабыз. Бирок, алдамчылык иш-аракеттери коркунучунан улам (мисалы, инновациялардын жардамы аркылуу пенсионердин мүлкүн алдамчылар алып кетпеши үчүн), биз «Кадастрдагы» акыркы этабына батир ээсинин жеке катышуусун калтырдык.
Ошондой эле «Түндүк» мобилдик тиркемесинин жардамы менен баланын төрөлгөндүгүн каттоого жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга, ошондой эле «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду алууга өтүнмөнү тариздөөгө болот.
Албетте, жарандардан сын-пикирлер да келип турат, мисалга эмне үчүн туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн? – дегендей. Билесизби, жалпысынан эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, биринчи этаптарда маалымат көйгөйү алар дайыма эле тастыктала б.а. туура боло бербейт. Маалымат системалары көп жылдар бою түзүлгөн жана маалымат туура эмес киргизилген же такыр эле киргизилбеген учурлар бар. Ошондуктан, биз «Түндүк» тиркемесинде «Менин маалыматтарым туура эмес көрсөтүлгөн» деп аталган бөлүмдү киргиздик. Башкача айтканда, ушул функция аркылуу каалаган жаран анын айрым маалыматтары туура эмес жазылгандыгын көрсөтө алат. Ал эми бул маалымат ошол маалыматтарды берген жана жооптуу мамлекеттик органга кетет.
Айрым адамдар КТБдагы кезекке нааразы болушууда. Ооба, алар мурунку мезгилдерге салыштырмалуу азыраак, бирок айрым КТБларда ал дагы эле бар. Бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
Биринчиден, биз кимдер, кандай максатта КТБларга барганы боюнча талдоо жүргүздүк. 2023-жылдын сентябрында биз баардык КТБлар боюнча аналитиканы чогулттук жана бир жуманын ичинде баардык КТБлар боюнча 18 миң маалымкат берилгенин эсептедик. Көрсө элдерди биздин мамлекеттик органдар ар кандай майда-чүйдө нерселер менен жөнөтө беришет экен: тигил жакка барып маалымкат алып кел, мисалы, балаңда кайсы бир ИЖН бар деген справка алып кел; бул жакка бар, кыймылсыз мүлкү бар деген справка алып кел ж.б. Ошондон кийин биз ошол мамлекеттик органдар менен дароо иштешип, 2024-жылдын январында кайра текшерип көрдүк. Натыйжада, күбөлүктөрдүн саны жумасына 9 миңге чейин кыскарды, башкача айтканда, 2 эсе азайды. Биз эмне кылдык? Биз мамлекеттик органдардан сурадык: силер эмне үчүн адамдарды КТБга барууга мажбурлап жатасыӊар? Биз мамлекеттик органдар бири-бирине керектүү маалыматтарды түздөн-түз жөнөтө алуусу үчүн «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын ишке киргизбедик беле. Жөнөкөй сөз менен айтканда, биз адамдарды КТБларга жибербөө үчүн, мамлекеттик органдарды өз ара интеграциялоо жүргүзүүгө мажбурладык.
Бул багыттагы иштер тынымсыз түрдө жүргүзүлүп жатат жана мындан ары да жүргүзүлө бермекчи. Биздин максатыбыз мамлекеттик органдар керектүү маалымкаттарды бири-бирине өздөрү беришип, аны алуу үчүн элдерди кезек күтүүгө аргасыз кылууну жокко чыгаруу болуп саналат.
Баса, жакында биздин ведомствого караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын балдары телеграмма мессенджеринде «Санарип-бот» чат-ботун (@скринш_сүрөттүрмө) түзүштү. Эми, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматтарына, мисалы, паспорт кызмат көрсөтүүлөрү же электрондук колтамга алуу боюнча маселелер жаралса кирип, жоопторду ошол жерден эле дароо ала алышат. Бөлүмдөр дайыма толукталып турат.
Ошентип, биз пландарга өттүк.
Ооба, эми биздин пландарыбыз боюнча айталы. Биз КТБлардагы электрондук кезекти эмне үчүн Бишкекте гана эмес, бүткүл республика боюнча киргизе албай жаткандыгыбызды иликтегенибиз эсибизде, биринчиден, бул «Инфоком» тарабынан борбор калаанын 4 КТБсы үчүн гана сатылып алынган чет элдик программа экендиги белгилүү болду. Азыр биз өлкөнүн 22 КТБсындагы электрондук кезек боюнча өзүбүздүн пилоттук долбоорду ишке киргиздик, ал жакында «Түндүк» мобилдик тиркемесинде да иштей баштайт. Бирок бул биринчи гана кадам. Экинчи кадамда, биз КТБлардын операторлорунун ишин баалаган башка «KPI» системасы менен электрондук кезек системасын байланыштыргыбыз келет. Биз КТБларда биздин жарандар канчалык сапаттуу тейленип жатканын көргүбүз келет. Анткени, кезек күтүүлөр оператордун ишине түздөн-түз байланыштуу. Биз оператор күнүнө 2, 30 же 100 адамды тейлеп жатабы, жокпу карап көрөлү. Ошого жараша анын каржылык сыйлыгы болот. Ошондой эле, жарандарга КТБларда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнү баалоого мүмкүнчүлүк бергибиз келет.
Ошондой эле чоң кезектери бар башка ведомстволор жөнүндө да сурагым келди. Мисалы, бейтапканалардагы кезек күтүүлөр боюнча. Бул багытта да иштер жүрүп жатабы?
Бул системаны сыноодон өткөргөндөн кийин биз бул тажрыйбаны башка мамлекеттик органдарга да жайылтууну пландап жатабыз. Алгач биз министрликтин мисалында бул кандай иштеши керектигин көрсөткүбүз келди. Бир канча убакыттан кийин башка мамлекеттик органдар да бул долбоорго тартылышат деп ойлойм. Анын үстүнө, санариптештирүү доорунда, бул мезгилдин талабы жана биз каалайбызбы, каалабайбызбы, андан кутула албайбыз. Баса, менин билишимче, Саламаттык сактоо министрлиги да бул багытта жигердүү иштеп жатат жана электрондук кезек системасын ишке киргизүүдө.
Түндүк тиркемесинде дагы жаңы кызмат көрсөтүүлөр болобу?
Жакын арада «Түндүк» тиркемесинде жаңы паспорт жоголгондо же жарактуулук мөөнөтү аяктаганда онлайн арыз берүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Андан тышкары, бизде проактивдүү кызматтар да пайда болот деп пландап жатабыз: биз жаранга ал азырынча кайрыла элек болсо да, алдын ала кызмат көрсөтөбүз. Мисалы, үй-бүлө балалуу болду – биз ага дароо ИЖНи менен туулгандыгы тууралуу санариптик күбөлүк беребиз. Паспорттун мөөнөтү бүттү дейли, бул тууралуу жаранга өзүбүз алдын ала кабарлайбыз. Жалпысынан алганда, биздин оюубуз боюнча, биз жарандарда турмуштук жагдайлар кандай болушу мүмкүн экенин алдын ала ойлонушубуз керек. Кабарлоо-билдирүү функциясы жакында пайда болот, «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин балдары анын үстүнөн тездетилген режимде иштеп жатышат.
Бир сөз менен айтканда, биз Кыргызстандын жарандары зарыл болгон кызматтарды алуу үчүн мамлекеттик мекемелерге мүмкүн болушунча азыраак баруусун жана алардын мүмкүн болушунча көбүрөөк санына мобилдик тиркеме аркылуу кызмат көрсөтүүгө аракет кылабыз.
Архив чөйрөсү боюнча айта турган болсом, биз үч багытта иштөө боюнча чечим кабыл алдык. Биринчиден, архив – бул ар дайым көптөгөн кагаз түрүндөгү документтер. Азыр Архив агенттиги үчүн жарандарга керектүү маалыматты берүү боюнча санариптик чечимдер иштелип чыгууда (мисалы, пенсия алуу үчүн). Экинчиден, кагаз массивдерин жана фото-видеофондду санариптештирүү боюнча архивдерге жабдууларды сатып алууну баштайбыз. Үчүнчүдөн, учурда мамлекеттик кызматкерлер санариптик форматта берилген документтерди кагаз дубликаттары менен кайталашына көп убакыт жана ресурстар сарпталууда. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жана КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Үсөнбековичтин тапшырмасы менен биз азыр бардык иш кагаздары менен кадрлар эсебин толугу менен санариптик форматка өткөрүп жатабыз. Негизи, архив багытында мамлекеттик кызматкерлерге бардыгын кагаз түрүндө жасоону тапшырган ченемдик-укуктук актылар бар экен. Мисалы, электрондук документ жүгүртүү системасында катка кол койгондон кийин, катка кагаз түрүндө да кол коюуга туура келет. Ошондуктан биз көп иштерди жасадык жана мындай токтомду ишке киргиздик, ага ылайык 700 документтин 600гө жакынын алып салдык жана кагаз дубликаты бар документтердин 100 түрүн гана калтырдык. Мисалга, өкмөттөр аралык же ведомстволор аралык келишимдер жана меморандумдар азырынча кагаз түрүндө кала берет. Калган бардык каттар, кат алышуулар, мамлекеттик органдардын протоколдору санариптик форматка өтөт. Менимче, бул дагы өнүгүүгө карай кадам.
Эми байланыш боюнча айталы. Белгилүү болгондой, сапаттуу интернет болмоюнча көптөгөн милдеттерди ишке ашырууга мүмкүн эмес. Мобилдик байланыш менен камсыздоого Кыргызстандын аймагынын 98 пайызы камтылган, бирок була-оптикалык тарамдар тууралуу айта турган болсок, бул багытта мурда көйгөйлөр болгон. Өткөн жылы республика боюнча кең тилкелүү интернет алуу мүмкүнчүлүгү үчүн 2 миң чакырым була-оптикалык байланыш линиялары (БОБЛ) тартылган. Быйыл дагы ушул багытта иш алып барып, жыл аягына чейин дагы 500 км жолго БОБЛ тартууну пландап жатабыз. Мындан тышкары бардык социалдык объектилерди, анын ичинде ФАПтарды, ооруканаларды, мектептерди, айыл өкмөттөрдү жана башкаларды бириктирип жатабыз. Бул өлкөнүн бардык аймактарын жогорку ылдамдыктагы интернет менен байланыштырууда өтө маанилүү багыт.
Санариптештирүү, бул мобилдик тиркемелер жана БОБЛ тартуу гана эмес, бул эсептөө кубаттуулугу, ал эми жөнөкөй сөз менен айтканда – серверлер жана жалпысынан маалыматтар сакталуучу маалыматтарды иштетүү борборлору. Ошондуктан биздин команда бардык мамлекеттик органдар үчүн Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборун (МИМБ) түзүүдө. Мындан тышкары, киберкоопсуздук эрежелеринин талабы боюнча маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борбору түзүлөт. Иштин биринчи этабын ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз.
Санариптик кодекс качан кабыл алынат жана ага муктаждык барбы?
Санариптик кодекс боюнча иш 2019-жылдан баштап жүргүзүлүүдө. Алгач бардык ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо милдети коюлган. Кесиптештер бул ишти аткарышканда миңден ашык ченемдик-укуктук актыларды алмаштыруу керек экенин белгилешти. Башкача айтканда, мыйзамдарды гана эмес, ар кандай мүнөздөгү токтомдорду, жоболорду алмаштыруунун зарылдыгын көрдүк. Ошондо, биз жалпы көрүнүштү жоготуп алуучу көп сандаган актыларды өзгөртүү жолу менен жүрбөстөн, андан да мыкты документти – Санариптик кодексти иштеп чыгуу тууралуу чечимди кабыл алдык.
Санариптик кодексти түзүүдөгү дагы башка маанилүү себеп – технологияларды мурдагыдай жөнгө салуу азыр мүмкүн эмес, башкача айтканда жөнгө салуунун административдик жолу учурга туура келбейт.
Мындан тышкары, сиз өзүңүз түшүнгөндөй, азыркы дүйнөдө маалыматтар биринчи орунда турат. Демек, Санариптик кодекстин логикасы маалыматтардын бүткүл жашоо циклин – ал пайда болгондон баштап, иштеп чыгууга жана кайра колдонууга чейин жөнгө салуу болуп саналат.
Өлкөнүн жарандарында эмне өзгөрөт? Көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр бар. Мисалы, байланыш операторлору үчүн лицензиялоо эрежелери өзгөрөт, б.а. телеком-секторду жөнгө салуу боюнча бардык административдик жол-жоболор абдан жөнөкөйлөштүрүлөт. Азыр биз либералдык жана атаандаштык жолу менен анын өнүгүшүнө шарт түзүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча айрым жаңылыктар киргизилип жатат, мисалы, жеке маалыматтар чыгып кеткен учурларда ар бир жаранга жекече зыяндын ордун толтуруу болжолдонгон. Балдардын маалыматтарын коргоо боюнча ченемдер өзүнчө каралууда, бул таптакыр жаңы ыкма болуп саналат.
Жасалма интеллект же чоң маалыматтар сыяктуу жаңы инновациялык технологияларга байланыштуу эрежелер дагы мыйзамдаштырылат. Жасалма интеллект боюнча Санариптик кодексте зыян алып келүүчү же коркунучтуу деп саналган жасалма интеллект гана жөнгө салынат. Биз жөнгө салууну киргизген төрт багыт бар жана бул улуттук коопсуздукту, адам укуктарын жана айлана-чөйрөнү коргоого көбүрөөк байланыштуу. Бул учурда, Санариптик кодексте дипфейктер боюнча алдын-ала мыйзамсыз иш-аракеттерге багытталган жасалма интеллектти иштеп чыгууга жана колдонууга тыюу салынат деп жазылган.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эл аралык кызматташтыктагы иштери тууралуу айтып берсеӊиз, мисалга, Борбордук Азия өлкөлөрү жана Кытай менен кызматташтыгы боюнча.
Биз эл аралык ишмердүүлүгүбүздү абдан активдүү жүргүзүп жатабыз. Биз эл аралык тажрыйбаны изилдөөгө аракет кылабыз, анткени башка өлкөлөрдүн мындай тажрыйбасын изилдөөгө мүмкүн болуп турса, эмне үчүн велосипедди ойлоп табат элек. Мисалы, өз убагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы боюнча биз эстон тажрыйбасын алганбыз. Бардыгы окуп-үйрөнүштү, өздөрүндө жайгаштырышты, текшеришти жана андан кийин өздөрү кандайдыр бир нерселерди толуктап иштеп чыгышты.
Кытайга келе турган болсок, бул өлкөнүн тажрыйбасы бизди да кызыктырат жана сөз технология жөнүндө гана эмес. Ошондой эле, бул чөйрөдөгү мыйзам чыгаруу тажрыйбасы бизди кызыктырат. Өткөн жылдын аягында биз «Жибек жолу» өнөр жай интернетин илгерилетүү борбору менен санариптештирүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койдук.
Ошондой эле биз Борбордук Азиядагы коңшу мамлекеттердеги кесиптештерибиз менен тажрыйба бөлүшөбүз, алар дагы бизге бир нерселерди үйрөнүү үчүн келишет. Жалпысынан белгилеп кетким келет, биздин региондо Кыргызстан санариптештирүү боюнча жакшы деңгээлде турат жана биз жетишилген ийгиликтер менен токтоп калбайбыз. Маалыматтарга негизделген башкаруу, «бигдата» жана жасалма интеллект – бул биздин артыкчылыктуу стратегиялык багытыбыз, биз азыр жигердүү иштеп жатабыз.
Мисалы, жасалма интеллекттин жардамы менен кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүү боюнча: бир жыл мурда Акылбек Үсөнбековичтин жетектөөсү алдында КР Министрлер Кабинети кибермейкиндикте кыргыз тилине «үн берүү» үчүн суперкомпьютер сатып алган. Белгилүү болгондой, азыр дүйнөдө өлкөлөр ортосунда жасалма интеллектти өнүктүрүү жарышы жүрүп жатат, анткени бул мезгилдин талабы. Президентибиз Садыр Нургожоевич жана Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Үсөнбекович жасалма интеллекттин жардамы менен кыргыз тилин санариптик технологияларда илгерилетүү боюнча дайым даяр турушат. Кыргызстан жасалма интеллектти өнүктүрүү чөйрөсүндө башка өлкөлөргө дал келүүсү же артта калбоосу гана эмес, биздин тил моделдерибизди өнүктүрүү менен эч ким алектенбей тургандыгын эске алуу менен, бул багыт боюнча зарыл жыйынтыктарга жетүү үчүн дагы көп күч-аракеттерди жумшообуз зарыл.
Жалпысынан биздин Министрликтин бардык багыттары боюнча иш тездетилген режимде жүргүзүлүүдө жана жакында кыргызстандыктар санариптештирүү жаатында киргизилген бардык жаңылыктардан пайдалана алышат.
Булак: Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Н. А. Кутнаеванын интервьюсу.