Digital CASA – Кыргызстан долбоорунун жыйынтыктары жана санариптик трансформациянын кийинки кадамдары
2025-жылдын 2-декабрында “Digital CASA – Кыргыз Республикасы” долбоорунун жыйынтыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — долбоордун жыйынтыктарын чыгаруу, санариптик инфраструктураны жана нормативдик базаны өнүктүрүү компоненттери боюнча негизги жетишкендиктерди көрсөтүүгө багытталган. Ошондой эле өлкөнүн санариптик трансформациясынын мындан аркы кадамдарын талкуулоо болду.
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө төмөнкү негизги натыйжаларга жетишти:
• Санариптик байланыш инфраструктурасы: 3500 чакырымдан ашык оптикалык-була линиясы тартылып, 3800дөн ашуун социалдык мекемелер туташтырылып, алыскы аймактар интернет менен камсыздалды.
• Маалымат сактоо: Мамлекеттик маалыматтарды сактоо жана иштетүү үчүн G-Cloud борборлоштурулган мамлекеттик булуттук инфраструктурасы түзүлдү, аймактык маалыматтарды иштетүү борборлорун өнүктүрүү башталды жана мамлекеттик органдар үчүн интеллектуалдык чечимдер киргизилди.
• Мыйзамдык база: Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси иштелип чыгып, кабыл алынды. Ал санариптик демилгелердин туруктуу өнүгүүсүнө жана инновациялык технологияларды киргизүүгө укуктук, нормативдик жана уюштуруучулук негиздерди түздү.
Иш-чара тажрыйба алмашууга жана санариптик кызматтарды мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен ыкмаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк берген аянтча болду. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациясын андан ары колдоо боюнча биргелешкен пландар талкууланды.