Бишкекте болуп өткөн жасалма интеллект боюнча Түрк мамлекеттеринин 2 күндүк форумунун жыйынтыгы

2024-жылдын 9-10-октябрында Бишкекте жасалма интеллект боюнча Түрк мамлекеттеринин форуму ийгиликтүү өтүп, бир аянтчага түрк тилдүү өлкөлөрдүн алдыңкы серепчилерин, адистерин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү чогулду. Форум санариптик өнүктүрүү жана жасалма интеллекттин негизги маселелерин талкуулаган 500гө жакын катышуучуларды жана 20 өлкөдөн 46 баяндамачыны бириктирди.

Форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгесинин алкагында жана 2024-2028-жылдарга Санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу контекстинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жетекчилиги алдында уюштурулган. Иш-чаранын максаты Түрк мамлекеттеринин экономикаларынын жана коомдорунун контекстинде алдыңкы технологияларды жана жасалма интеллекттин келечегин талкуулоо үчүн диалог аянтчасын түзүү болду.

Форумдун негизги темалары:
– Борбор Азияда жасалма интеллектти өнүктүрүү: региондогу өлкөлөр экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн жасалма интеллекти кантип колдоно алышат.
– Санариптик трансформация жана анын экономикага тийгизген таасири: Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн мамлекеттик секторду жана бизнести санариптештирүүдөгү тажрыйбасы.
-Жасалма интеллектеги адеп жана коопсуздук: IT-технологияларын киргизүү менен байланышкан чакырыктар жана жөнгө салуунун зарылдыгы.
– IT тармагында түрк өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын ролу: IT жана санариптик технологиялар чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлор жана демилгелер.

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кириш сөзү сөзү менен сөз сүйлөп, форумдун региондогу өлкөлөрдүн санариптик трансформация маселелеринде күч-аракеттерин бириктирүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, жасалма интеллекти бардык деңгээлде — мамлекеттик башкаруудан баштап жеке бизнеске чейин киргизүү регион үчүн жаңы бийиктиктерди ачат.

Форум КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулуп, аны ЕККУ, БУУӨП, ЖТП, AiDA Жасалма интеллект боюнча ассоциациясы жана башка көптөгөн эл аралык жана аймактык өнөктөштөр колдогон. Аянтча тажрыйба алмашуу гана эмес, түрк өлкөлөрүндө жасалма интеллекти өнүктүрүүгө багытталган жаңы идеялардын жана долбоорлордун башаты болуп калды.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар жасалма интеллект жана санариптештирүү жаатындагы долбоорлордун үстүндө биргелешип иштөө жөнүндө бир катар макулдашууларга жетишишти. Түрк дүйнөсүндө технологияларды өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдар талкууланган көптөгөн панелдик дискуссиялар өткөрүлдү.

Форумду 20 түрдүү басылмалардын ичинен алдыңкы ЖМКлардын 33 өкүлү, анын ичинде Түрк тилдүү жана эл аралык медиа өкүлдөрү чагылдырышты. Кеңири чагылдыруу иш-чаранын маанилүү дискуссияларын жана негизги ойлорун коомчулукка жеткирүүгө мүмкүндүк берип, региондогу жасалма интеллект темасына кызыгууну арттырууга мүмкүндүк берди.

Түрк мамлекеттеринин жасалма интеллект боюнча форуму регионду санариптик трансформациялоо жана алдыңкы технологиялар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жолундагы маанилүү окуя болду.