КР УКМК “Касперский лабораториясы” АКсы менен биргеликте мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн «Cyber Security Day» аталышындагы форумун өткөрдү

img

УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбору «Касперский лабораториясы» Акционердик коому менен биргеликте мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын, телекоммуникация тармагынын өкүлдөрү жана байланыш операторлору, банк секторлору үчүн «Киберкоопсуздук күнү» форумун өткөрдү.
Аталган иш-чараны КР УКМК төрагасынын орун басары –Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун директору – А.М. Разаев ачып берди.

Мындан тышкары форумда КР Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы А.Э.Ибраимов, КР санариптик өнүктүрүү министри Н.А.Кутнаева жана “Касперский лабораториясы” АКнын КМШ өлкөлөрү боюнча башкаруучу директору А.В.Кулашова сөзгө чыкты.

Санариптик өнүктүрүү министри – Н.А. Кутнаева, КР Министрлер Кабинетине караштуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – А.Б.Сыдыгалиев жана “Санариптик туруктуулук” Ассоциациясынын директору – М.С.Төрөбеков “Кибер туруктуулук санариптик өнүгүүнүн негизи” аталышындагы темада доклад жасады.
Пленардык сессияны талкуулоонун жүрүшүндө форумдун катышуучуларына киберкоопсуздуктун маданиятын жогорулатуу, киберкоопсуздукту камсыздоонун ыкмалары жана технологиялары, жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле санариптик туруктуулуктун маанилүүлүгү боюнча бир катар суроолор берилди.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында “KG” интернет-сегментинде 2024-жылдагы киберкоопсуздук маселелери боюнча заманбап тенденциялар, тобокелдиктер жана киберкоркунучтар боюнча темалар каралып, Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбор тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.
Тактап айтканда, форумдун катышуучуларына аталган мыйзам долбоорун колдонуунун жана чечмелөөнүн тартиби кеңири түшүндүрүлүп, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди.