Бишкекте улуттук маркетплейстер форуму өз ишин баштады

img

Бүгүн, 2025-жылдын 23-майында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук маркетплейстер форуму өз ишин баштады. Бул иш-чара – электрондук соода, санарип логистика жана төлөм инфраструктурасынын келечегин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Форумдун негизги максаты — улуттук маркетплейстерди өнүктүрүү, экспорттук потенциалды кеңейтүү, заманбап санариптик чечимдерди интеграциялоо жана e-commerce тармагында туруктуу B2B экосистемасын түзүү.

Иш-чаранын алкагында логистика, санарип платформалар, жасалма интеллект (AI) технологиялары жана электрондук соода үчүн каржылык кызматтар боюнча панелдик талкуулар өтүүдө. Ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы маркетплейстеринин презентациялары жана логистикалык, финтех компаниялар менен B2B-жолугушуулар уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги электрондук сооданы өлкөнүн санариптик трансформациясынын маанилүү багыты жана ишкерлер үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн булагы катары колдоону улантат.