Жыл сайын өтүүчү маалыматтык технологиялар форуму KIT – 2024 өз ишин баштады

img

Бүгүн, 2024-жылдын 7-июнунда Бишкекте маалыматтык технологиялар форуму (КИТ-24) башталды. Бул иш-чара бизнес-коомчулукту, эл аралык эксперттерди, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана камкорчу адистерди бириктирген, муну менен бирге санариптик инновациялар жаатындагы өлкөдөгү эң ири иш-чаралардын бири болуп саналат.

Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Технологиялар Паркынын башчысы Азис Абакиров жана “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева, ошондой эле ардактуу коноктор катары Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки мырза, Германиянын логисттер ассоциациясынын өкүлү (ООД) Мирко Новак мырза катышышты. Муну менен бирге Жапония, Корея жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн эл аралык эксперттери да катышышты.

“Өлкөнүн Президенти тарабынан өлкөнү санариптик өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы бекитилди, ал мамлекеттик органдарга жарандар үчүн сезилерлик натыйжа менен алга жыла турган санариптик долбоорлорду ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Биз экономикада болуп жаткан тектоникалык өзгөрүүлөргө, санариптик технологияларды колдонуунун негизинде болуп жаткан социалдык процесстерге күбө болуп жатабыз жана ошол эле учурда алардын жаратуучуларыбыз. Жаңы санариптик реалдуулук өлкөлөрдү жана жалпы региондорду тез өзгөртүп, бардык секторлордо башкаруу жана кызмат көрсөтүү моделдерин өзгөртүп жатат”, – деп белгиледи А.Жапаров Форумдун ишин ачып жатып.

Санариптик өнүктүрүү министри Н.Кутнаева форумда сөз сүйлөп, анда санариптик тармактын өнүгүү процессине токтолду. Ал ошондой эле өлкөнү санариптештирүүнү өнүктүрүүгө Жогорку Технологиялар Паркынын кошкон салымын баса белгиледи. “Жогорку Технологиялар Паркынын 2 миңге жакын резиденти түзүлгөндөн бери мамлекеттик бюджетти социалдык жана салыктык төлөмдөр түрүндө 176 млн сомдон ашык суммага толтурушту. Мындан тышкары, алар инвестиция алып келишет. Бул инвестициялар жыл сайын эки эсеге көбөйөт. 2023 – жылы бул 100 миллион доллар болсо, бир жыл мурун 50 миллион доллар болгон, башкача айтканда, ар бир жолу көбөйүп жатат”, – деди министр.

Белгилей кетсек, бул жылы Жогорку Технологиялар Паркы форумдун башкы уюштуруучусу болуп, иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык уюштуруу иштерин камсыз кылды.
Форумдун максаты – Кыргызстандын инвестициялык потенциалын ачуу жана өлкөнүн потенциалына эл аралык инвесторлордун көңүлүн буруу. Эксперттер, инвесторлор жана ишкерлер ортосунда тажрыйба алмашуу жана окутуу үчүн платформаларды түзүү. Кыргызстандын экономикасында IT-индустриянын өсүп жаткан ролун баса белгилеп, жумуш орундарын түзүү.
Форумдун алкагында санариптик технологияларды өнүктүрүүгө зор салым кошкон мыкты ата мекендик компаниялар жана мамлекеттик кызматкерлер сыйланды. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” МИ жана “Түндүк” ММсинин бөлүмдөрү катышкан техникалык тейлөө тармагындагы технологиялык жетишкендиктер боюнча компаниялардын көргөзмөсү уюштурулду.
Форум өз ишин эртең, 8-июнда да улантат.