«Электрондук эмгек китепчеси»: кагаз түрүндөгү китепчелерден электрондук чечимдерге

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө чоң кадам жасалганын билдирет. «е-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун бир бөлүгү болгон «Электрондук эмгек китепчеси» (ЭЭК) модулу иштелип чыгып, сунушталды.

Бул долбоор жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну жөнөкөйлөтүү, кызматкерлердин эмгек жана кызматтык таржымалына ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана кагаз түрүндөгү эмгек китепчелерин колдонуу зарылдыгын жоюуга багытталган. Тутумдун киргизилиши жарандар, жумуш берүүчүлөр жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү ачык-айкын жана ыңгайлуу кылып, маалымат алмашууну тездетип, бюрократиялык түйшүктү азайтат.

2024-жылдын 28-мартында модулдун техникалык тапшырмасы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча мамлекеттик агенттик (Мамагенттик) менен макулдашылган. 11-октябрда «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын базасында тутумдун сыноо версиясы көрсөтүлдү. Мамагенттиктин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (ЭСКММ) өкүлдөрү модулдун функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну автоматташтыруу үчүн болгон артыкчылыктарын жогору баалашты.

2024-жылдын 1-декабрына чейин пилоттук сыноо башталаары күтүлүүдө. Биринчи катышуучулардын катарында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, ЭСКММнын жана Мамагенттиктин борбордук аппараттары бар. Негизги мекемелердин кызматкерлери тутумга кирүү мүмкүнчүлүгүн алышып, жаңы куралды натыйжалуу пайдалануу үчүн атайын окуудан өтүштү.

«Электрондук эмгек китепчеси» эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну кыйла жөнөкөйлөтүп, процессти ачык-айкын, ыңгайлуу жана оперативдүү кылат. Маалыматтарды борборлоштурулган түрдө сактоо аларды жоготуп алуу же жасалмалоо коркунучун жокко чыгарып, кагаз түрүндөгү документтердин жүгүртүлүшүн азайтып, тутумду экологиялык жактан таза кылат.

Бул долбоор мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоодо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Пилоттук этап ийгиликтүү аяктагандан кийин модулду улуттук деңгээлде кеңири жайылтуу пландалууда.