ЖК депутаттары Бишкек шаарынын Ленин райондук Калкты тейлөө борборуна барышты

img

Исхак Масалиев (фракция жетекчиси) баштаган “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаттары Гуля Кожокулова менен Эмил Токтошев Бишкек шаарынын Ленин райондук Калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Таанышуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары Жумамүдүн Жумалиев жана Клим Омельченко, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрдүн директорлору Кубанычбек Садамбеков (“Инфоком” МИси), Арсен Миңбаев (ККД) жана КТБнын жетекчиси Надырбек Абсаматов депутаттарды аталган КТБнын ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Мындан тышкары, аларга КТБлардагы кезектерди минималдаштырууга жана калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган, “Түндүк” тиркемесин колдонуу менен кезекти онлайн-брондоонун жаңы сервиси жөнүндө айтып беришти. Бул иш-чаранын жыйынтыгында депутаттар калкты толук кандуу жана сапаттуу тейлөө боюнча бардык талаптарга жооп берген, чоң көлөмдөгү КТБ үчүн жаңы имарат жөнүндө маселени көтөрүштү. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Ленин районунун КТБ күнүнө орточо эсеп менен 1200-1300 адамды тейлейт.