Санарип диплом – эми Tunduk колдонмосунда

Эми 2025-жылдын бүтүрүүчүлөрү дипломдорун смартфон аркылуу түз эле ала алышат – бул ыңгайлуу, тез жана кагаз түйшүгү жок. Электрондук документ Tunduk Мобилдик колдонмосунда “Документтер” бөлүмүнө жайгаштырылган жана билимди тастыктоо үчүн кагаз көчүрмөлөрүн берүүнүн зарылдыгы жок колдонулушу мүмкүн.
Санарип диплом документ тууралуу маалымат мамлекеттик органдарга же башка инстанцияларга берилиши талап кылынган учурларда билимди тастыктоо процессин жөнөкөйлөтөт. Бул формат маалыматка тез жетүүгө мүмкүндүк берет жана дубликаттарды алуу зарылдыгын жокко чыгарат.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана “Түндүк” ААКы менен биргеликте ишке ашырылган.
Келечекте профилдик билим берүү органдары тарабынан мурда берилген дипломдорду этап-этабы менен санариптештирүү иштери жүргүзүлөт.
Бул демилге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана жарандардын электрондук кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда.