Кыргызстан менен БУУнун санариптик кызматташтыгы

КР СӨИТМ жана БУУ санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыкты талкуулады.
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве мырза менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда санариптик жаатта эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде инклюзивдик санариптик чечимдерди колдоо, электрондук башкарууну өнүктүрүү, санариптик сабаттуулук жана инфратүзүмдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар мындан аркы кызматташтыкты илгерлетүү жана өлкөнүн санариптик өнүгүүсү алкагында биргелешкен санариптик демилгелерди иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.