Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү: Түндүк тутумунун көрсөткүчтөрү

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун аткарган иштеринин жыйынтыктарын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүдөгү жетишкендиктерди сунуштайт.

Жетишкендиктер көрсөткүчтөрдө:
• 3 миллиарддан ашуун маалымат алмашуу — «Түндүк» тутуму аркылуу мамлекеттик жана жеке уюмдардын ортосунда 3 006 846 764 маалымат алмашуу ишке ашты, бул кагаз түрүндөгү документтерин жоюуга жана кызмат көрсөтүү процессин тездетүүгө жардам берет.
• 1343 кызмат жана 311 катышуучу – “Түндүк” тутумунда катталган кызматтардын жана катышуучулардын саны.
• 2024-жылы «Tunduk» порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 11 миллион онлайн кызмат көрсөтүлдү. Колдонуучулардын саны 1,7 миллионго жетти.

Санариптик документтер — ыңгайлуулука кадам
Бүгүнкү күндө «Tunduk» мобилдик тиркемесинде 9 санариптик документ жеткиликтүү, алардын ичине: паспорт, айдоочулук күбөлүк жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк кирет. 2024-жылы үч жаңы санариптик документ кошулду:
• Пенсиялык күбөлүк
• Жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк
• Жалпы орто билим жөнүндө Аттестат/негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк
Бул документтердин кагаз версиясы сыяктуу эле юридикалык күчү бар жана аларды мамлекеттик органдар менен жеке уюмдарда көрсөтүүгө болот.

Жаңы онлайн кызматтар
2024-жылы «Tunduk» порталында 14 жаңы кызмат ишке киргизилди. Алардын катарында:
• Мүлк салыгы (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) боюнча карызы бардыгы/жоктугу тууралуу маалымкат
• Жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча документтерди санариптештирүү (оцифровка);
• Кыргыз Республикасынын аймагында адамды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, адамдын соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат алууга онлайн арыз берүү
• Калкты тейлөө борборлоруна онлайн кезекке туруу
• Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик онлайн кайра каттоо
• Жашаган жери боюнча онлайн каттоо (прописка) жана башка кызматтар.

“Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуну ар кандай мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташуусунун натыйжасында ишке ашырылды. Бул чечимдер транспорт каражаттарын каттоо, жарандык абалдын актылары, паспорттук жана даректик маалыматтар сыяктуу маанилүү маалыматка ыкчам жана ыңгайлуу жеткиликти камсыздап, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууну тез жана ыңгайлуу кылат.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди улантууда.