Кыргызстандын санариптик трансформациясы күч алууда

img

Бүгүн Санариптик өнүгүү министрлигинде Кыргыз Республикасынын 2024-2028-жылдарга санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу боюнча КР санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын төрагалык астында жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.

Катышуучулар учурдагы прогрессти жана жакынкы жылдарга белгиленген пландарды талкуулашты: Кыргызстан дагы санарипке өтүшү үчүн дагы эмне кылуу керек.

Министр пландалып жаткан иш-чаралардын саны, каржылоону бөлүштүрүү, ошондой эле бардык долбоорлорду аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги жөнүндө кеңири маалымат берди. Мындан тышкары, министр мамлекеттик органдарга бюджеттик акча бөлүнгөн долбоорлорду тез арада ишке ашырууга киришүүнү тапшырды.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө Концепциянын алкагында коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн ведомстволук пландарды иштеп чыгуу сунушталды.

Концепцияда жарандар жана бизнес үчүн ыңгайлуу жаңы онлайн-кызматтарды түзүү каралган:
* Санариптик кызматтарды көрсөтүү, электрондук өз ара аракеттенүү жана маалыматтарды алмашуу боюнча мамлекеттик органдарда бизнес-процесстерди автоматташтыруу
* Кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо үчүн, анын ичинде жаңы бизнес-процесстерди жана калкка оптимизацияланган санариптик кызматтарды ишке киргизүү үчүн санариптик платформаны пайдалануу жана киргизүү
* Санариптик көндүмдөр, аналитика, маалыматтарды башкаруу боюнча окутуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санариптик компетенцияларын жогорулатуу
* Санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү аркылуу мамлекет, коом жана бизнес ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүү (G2C, G2B)
* Интеграцияланган санариптик медициналык картаны (ИЦМК) киргизүү
* Балдарды мектепке жана бала бакчаларга кабыл алуу процессин автоматташтыруу
* Социалдык төлөмдөрдү, эмгекти жана жумуштуулукту, айыл чарбасын ж. б. санариптештирүү.

Бул чаралардын бардыгы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн бардык мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү, ал эми функциялар автоматташтырылган болушу үчүн көрүлүүдө.