Санариптик балалыкка карай: Санариптик өнүктүрүү министрлиги Балдарды коргоо күнүн белгиледи!

img

Бүгүн, 2024-жылдын 31-майында министрдин орун басары Сергей Слесарев баштаган Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаарындагы Балдар үйүнө Эл аралык балдарды коргоо күнүн тарбиялануучулар менен бирге майрамдоо, ошондой эле балдарды коргоо боюнча зарыл болгон эмерек жана оргтехниканы тапшыруу үчүн барышты.

Бул демилге менен биз мекеменин кичинекей тарбиялануучуларын колдоп, аларды кубантууну, ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөдүк.

«Бул күн балдардын укуктарын коргоонун маанилүүлүгүн жана өзгөчө көңүл бурууга муктаж болгондорду колдоо зарылдыгын эскертет. Биз алардын жашоосун жакшыртууга салым кошуп, бул балдарга аз да болсо кубаныч тартуулаганыбызга кубанычтабыз. Ар бир бала бактылуу балалыкка татыктуу деп эсептейбиз жана биздин миссиябыз ага жетүүгө жардам берүү. Бүгүнкү иш чара – балдар үчүн жасай ала турган ишибиздин бир аз гана бөлүгү», – деп белгиледи министрдин орун басары С.Слесарев.

Иш-чара Министрлик тарабынан ар дайым колдоодо болгонун белгилеп, балдар үйүнүн кызматкерлеринин ыраазычылык сөздөрү жана эстелик катары чогуу сүрөткө түшүү менен аяктады.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Балдар үйүнө жана башка жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүүнү улантат жана бардык камкор адамдарды бул маанилүү миссияга кошулууга чакырат.
Мындан тышкары, Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкек шаарындаг калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери балдарды таттуулар менен кубандырып, келе жаткан майрамы менен куттукташты.

Балдарды коргоо күнүнө карата Санариптик өнүктүрүү министрлиги кичинекей конокторго эшигин ачты. Министр Кутнаева Нурия Асылбековна балдар менен жеке жолугуп, аларды майрамы менен куттуктап, санариптик технологиялар жашообузду кандайча өзгөртүп, аны кызыктуу жана ыңгайлуу кылып жаткандыгы тууралуу айтып берди. Балдар, өз кезегинде, технология окууга, чыгармачылыкка кандайча жардам берери жана жөн гана дүйнөнү мындан да жакшыраак жерге айландырышы тууралуу өз идеялары менен бөлүшүштү. Жолугушуу жылуу жана достук мамиледе өттү. Балдар эсте каларлык белектерди жана көптөгөн позитивдүү эмоцияларды алышты.
Бул күн бардык катышуучулардын эсинде боорукердик жана камкордук балдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртө аларынын жаркыраган мисалы болуп калат.

Биз социалдык тармактарда: