Таза шаар – жаркын келечек!

img

Бүгүн, 2025-жылдын 20-сентябрында, КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгып, И. Ахунбаев менен К. Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле К. Тыныстанов менен К. Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Бул ишембилик Президент Садыр Жапаровдун «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жана шаарыбыздын экологиялык маданиятын жогорулатуу, жашоо үчүн таза жана коопсуз шарттарды түзүү максатында уюштурулду.

КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги ишембиликке катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирет. Экологиялык акцияга активдүү катышуу менен биз социалдык жоопкерчилигибизди жана айлана-чөйрөгө болгон камкордугубузду көрсөтөбүз.