Мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк эми Түндүк мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү!

img

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлиги Түндүк мобилдик тиркемесинде жаңы санариптик документ – жалпы орто билим жөнүндө аттестат / негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк пайда болгонун билдирет.

Бул документ жарандын өлкөнүн таанылган окуу жайынан билим алгандыгын тастыктайт. Санариптик сертификат анын кагаз түрүндөгү түп нускасы сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ жана аны жумушка орноштурууда, ошондой эле билим берүү документин талап кылган башка учурларда колдонсо болот.

Бул инновациялык функция колдонуучуларга билим берүү документтерине санарип форматта оңой кирүүгө жана бөлүшүүгө мүмкүндүк берет, бул процессти болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу кылат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2018-жылдан баштап жалпы орто билим жөнүндө күбөлүк жана негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк санариптештирилгенин эскертет. Эгерде сиз мектепти 2018-жылга чейин бүтүргөн болсоңуз, анда аны санариптештирүү үчүн аттестатыңыз берилген окуу жайга кайрылышыңыз керек. Эгерде маалыматтар тиркемеде көрүнбөсө же каталар болсо, анда аны тууралоо үчүн мектепке баруу сунушталат.

Мобилдик тиркемеге аттестатты кошуу жарандарыбыздын жашоосун жеңилдетет жана ыңгайлуу кылат. Санариптик өнүктүрүү министрлиги тиркемени өркүндөтүүнү улантат жана колдонуучуларды жаңы мүмкүнчүлүктөр менен мындан ары да кубандырат.

Бул сервис КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылды.