КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-марты № 139 “Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” Токтому

ПКМ КРКР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-марты № 139 “Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” Токтому

 

Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы
N 139 токтомуна)

Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү ЭРЕЖЕЛЕРИ

1- глава. Бул Эрежелердин жөнгө салуу чөйрөсү жана колдонуу чектери

1. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер) маалыматтарды берүү оператору менен маалыматтарды берүү абонентинин ортосундагы укуктук мамилелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү тартибин аныктайт.
2. Бул Эрежелердин колдонулушу төмөнкүлөргө карата жайылтылбайт:
– абонент менен мобилдик уюлдук байланыш операторунун/көчмө радиотелефон байланыш тармактарында маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүчү көчмө радиотелефон байланыш тармагынын операторунун ортосунда пайда болгон мамилелерге;
– бир электр байланыш оператору тарабынан экинчи электр байланыш оператору үчүн байланыш каналдарына, анын ичинде Интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен байланышкан электр байланыш операторлорунун ортосунда пайда болгон мамилелерге;
– маалыматтарды берүү оператору менен абоненттин ортосунда анын Интернет тармагын колдонуусуна байланыштуу пайда болгон мамилелерге.
3. Маалыматтарды берүү оператору алынган лицензияга жана Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды берүү тармагынын иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
4. Бул Эрежелердин жалпы жана атайын ченемдеринин ортосунда атаандаштык пайда болгон учурда жалпы ченем колдонулат.

2- глава. Терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар

5. Бул Эрежелерде колдонулуучу терминдер, аныктамалар жана кыскартуулар:
маалыматтарды берүү абоненти (абонент) – маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөн, жекелештирүү жол-жобосунан ийгиликтүү өткөн жеке же юридикалык жак;
маалыматтарды берүү тармагынын абоненттик линиясы (абоненттик линия) – абоненттик терминалды маалыматтарды берүү тармагы менен кошкон байланыш линиясы;
абоненттик акы – маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө түзүлгөн келишимге ылайык абоненттин тарифтик планында каралган эсептик мезгилдин ичинде кызмат көрсөтүү үчүн төлөм;
абоненттик терминал – маалыматтарды берүү тармагына кошулуу үчүн абонент пайдаланган колдонуучу (соңку) жабдуу;
автоматташтырылган эсептешүү системасы (АЭС) – маалыматтарды берүү боюнча абонентке көрсөтүлгөн кызматтарды эсепке алуу операцияларын автоматтык түрдө аткаруу жана аларды тарифтөө, ушул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн арналган программалык-аппараттык комплекс, ошондой эле абоненттик терминалды орнотуу дареги, абоненттик терминалдын идентификациялык коду;
маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим (келишим) – оператор менен абоненттин ортосунда түзүлүүчү макулдашуу;
инсандыгын ырастоочу документ – инсандыгын ырастоочу документтерге Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), кайрылмандын күбөлүгү, чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдын күбөлүгү кирет;
арыз ээси – жекелештирүү жол-жобосунан өтүү жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү үчүн ушул Эрежелерде белгиленген тартипте маалыматтарды берүү операторуна кайрылган жеке жана юридикалык жак;
тейлөө зонасы – маалыматтарды берүү оператору өзүнүн электр байланыш тармагынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө кепилдик берген аймак;
контент – маалыматтарды берүү кызматтарынын мазмундук бөлүгү (тексттер, видео, аудио, графикалык сүрөттөр, фотосүрөттөр жана башка каалаган мазмун);
өздүк кабинет – маалыматтарды берүү оператору тарабынан берилген идентификаторлордун жардамы менен маалыматтарды берүү абонентине маалыматтарды берүү кызматтарын колдонуу жана башкаруу (анын ичинен өздүк эсептин абалы, тарифтик планды алмаштыруу, бөгөт коюу) тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк берген сервис;
маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсеби – маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим боюнча маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн акы төлөө эсебине киргизилген акча каражаттарынын түшүүсүн жана чыгымдалуусун эсепке алуу үчүн арналган маалыматтарды берүү операторунун автоматтык эсептешүү системасында катталган абоненттин жеке номери;
маалыматтарды берүү оператору (оператор) – электр байланыш тармагын иштеткен жана маалыматтарды берүү боюнча ишке лицензиясы бар жеке жана юридикалык жак;
маалыматтарды берүү – андан ары эсептөөчү техника каражаттары менен иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды берүү каналы (маалыматтарды берүүнүн өткөргүчсүз жана өткөргүч каналдары) боюнча санариптик бит агымын берүү;
жекелештирүү – маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү үчүн арыз ээси берген анын идентификациялык маалыматтарын маалыматтарды берүү операторунун маалымат базасына киргизүү жол-жобосу жана тартиби;
маалыматтарды берүү тармагына уруксат берүү – маалыматтарды берүү тармагына абоненттик терминалды кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтарды берүү операторунун иш-аракеттеринин жыйындысы;
маалыматтарды берүү абоненти жөнүндө маалымат – жеке жак үчүн: аты-жөнү, туулган датасы, инсандыгын ырастоочу документтин аталышы, сериясы жана номери, берилген датасы, берген органдын аталышы; – юридикалык жак үчүн: юридикалык жактын толук аталышы, жетекчинин аты-жөнү, жайгашкан жеринин дареги;
маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө маалымат – автоматташтырылган эсептешүү системасында (АЭС) камтылган жана конкреттүү абонентке көрсөтүлгөн кызматка жана анын абоненттик терминалына тиешелүү маалымат;
маалыматтарды берүү тармагы боюнча туташтыруу (байланыш сеансы) – маалыматтарды берүү абонентине маалыматтарды берүүгө жана (же) кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү абоненттик терминалга чейин маалыматтарды берүү операторунун маалыматтарды берүү тармактарынын ийгиликтүү түзүлгөн техникалык өз ара аракеттенүүсү;
аралыктан жекелештирүү системасы – арыз ээсин аралыктан анык идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды берүү операторунун программалык каражаттары (мобилдик тиркеме, веб-сайт ж.б.);
маалыматтарды берүү тармагына кирүүгө уруксат берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгү
– маалыматтарды берүү операторунда анын тейлөө зонасында абоненттик терминалды маалыматтарды берүү тармагына кошуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу, анын ичинде бош ресурстардын болушу (маалыматтарды берүү тармагынын абоненттик линиясы);
тарифтик план – маалыматтарды берүү операторунун маалыматтарды берүү кызматын колдонууну сунуштаган баа шарттарынын жыйындысы, аларды берүү жана тарифтөө өзгөчөлүктөрү;
маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү – маалыматтарды берүү тармагы аркылуу сигналдарды кабыл алуу, берүү, иштеп чыгуу.

3- глава. Жалпы жоболор

6. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүдө маалыматтарды берүү оператору менен абоненттердин ортосунда пайда болгон өз ара мамиле мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
7. Маалыматтарды берүү оператору маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө маалыматты жашыруун сактоого милдеттүү. Маалыматтарды берүү тармагы боюнча берилүүчү жашыруун маалыматка укукту чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.
8. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө маалымат, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, маалыматтарды берүү абоненттерине же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө гана берилиши мүмкүн. Үчүнчү жактарга маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө маалымат соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысынын негизинде гана берилет. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө маалыматтар маалыматтарды берүү оператору тарабынан маалыматтарды берүү кызматы алынган учурдан тартып 3 жылдан кем эмес сакталат.
9. Маалыматтар базасында сакталган, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди аткарууга байланыштуу операторго белгилүү болгон маалыматтарды берүү абоненти жөнүндө маалыматтар (жеке маалыматтар) ушул абоненттин макулдугу менен гана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн. Маалыматтарды берүү абоненти жөнүндө маалыматтар мамлекеттик органдардын, алардын ичинен укук коргоо органдарынын суроо-талабы боюнча маалыматтарды берүү абоненти жөнүндө маалыматтарды алууга тиешелүү ыйгарым укугу анын ишин жөнгө салган мыйзамда түздөн-түз каралган учурда гана же кылмыш иши боюнча тергөөнүн (териштирүүнүн) алкагында тергөөчүнүн суроо-талабы боюнча гана берилет.
10. Оператор жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалыматтарды берүү абонентинин жеке маалыматтарын коргоо боюнча зарыл уюштуруу чараларын көрүүгө милдеттүү. Маалыматтарды берүү абоненти менен келишим түзүү оператор тарабынан маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле арыздарды, даттанууларды же дооматтарды кароо максатында маалыматтарды берүү абонентинин анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун алуу деп таанылат.
11. Маалыматтарды берүү тармагынын кызматтарын колдонуу үчүн абонент тарабынан техникалык жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келген абоненттик терминал гана кошулушу мүмкүн.
12. Маалыматтарды берүү оператору маалыматтарды берүү кызматын пайдаланууда абонент тарабынан алынган жана берилген контент үчүн, ошондой эле жеке жана/же юридикалык жактар тарабынан Интернет тармагына контентти жайгаштыруу жана/же жайылтуу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
13. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда маалыматтарды берүү оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды берүү боюнча байланыш кызматтарын көрсөтүүнү убактылуу токтотууга же чектөөгө укуктуу.
14. Маалыматтарды берүү оператору улуттук коопсуздук органынын тиешелүү кызмат адамынын жүйөлүү чечиминин (жазуу жүзүндөгү) негизинде улуттук коопсуздукту, коргонууну жана укук тартибин камсыз кылуу максатында тармактардын жана байланыш каражаттарынын ишин убактылуу токтотот, абоненттерге маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү токтотот же чектейт. Мында маалыматтарды берүү оператору абоненттин алдында мындай токтотуп туруу, токтотуу же чектөө үчүн жоопкерчилик тартпайт.

15. Эгер Кыргыз Республикасынын электр байланышы жаатындагы мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ошондой эле авариялык, профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү учурларынан тышкары, оператор маалыматтарды берүү абонентин суткада 24 саат бою маалыматтарды берүү кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылат. Авариялык, профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү тыныгуу жана/же маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн бузуу болуп саналбайт.
16. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнүн нормалдуу режими бузулгандыгына байланыштуу маалыматтарды берүү тармагында профилактикалык иштерди жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды берүү оператору өзүнүн расмий сайтында же ушундай иштерди баштоого чейин
24 сааттан кечиктирбестен абоненттин өздүк кабинетине тийиштүү маалымат жиберүү аркылуу маалыматтарды берүү абонентине билдирет.
17. Маалыматтарды берүү оператору маалыматтарды берүү тармагынын ишин токтотууга алып келген өзүнүн тармагындагы ири авариялар жөнүндө жана оңдоо иштеринин болжолдуу мөөнөтү жөнүндө өзүнүн расмий сайтында же авария болгондон баштап 24 сааттын ичинде абоненттин өздүк кабинетине тийиштүү маалымат жиберүү аркылуу маалыматтарды берүү абоненттерине билдирүүгө милдеттүү.
18. Маалыматтарды берүү оператору маалыматтарды берүү абонентине маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө байланышкан маалыматтарды берүү максатында маалыматтык тейлөө системасын түзүүгө милдеттүү.
19. Маалыматтарды берүү оператору абоненттерге маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө байланышкан маалыматтарды берүү максатында маалыматтык тейлөө системасын түзөт. Маалыматтык тейлөө системасында акы төлөнүүчү жана акысыз маалыматтык кызматтар көрсөтүлөт.
20. Маалыматтарды берүү оператору төмөнкүдөй маалыматтык кызматтарды күнү-түнү акысыз көрсөтөт:
– өзүнүн аталышы, филиалдарынын тизмеси (болсо), жайгашкан жери, иштөө режими, маалыматтык кызматтарын телефон номерлери тууралуу маалымат берет;
– маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү тартиби тууралуу, маалыматтарды берүү кызматына тарифтер тууралуу, тейлөө зонасы тууралуу маалымат берет;
– маалыматтарды берүү абонентине маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөө системасы тууралуу, анын өздүк эсебинин абалы тууралуу жана маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөө боюнча карыздар тууралуу маалымат берет;
– маалыматтарды берүү кызматтарын пайдаланууга тоскоол болгон техникалык бузулуулар тууралуу маалыматтарды берүү абонентинен маалымат кабыл алат.
21. Акы төлөнүүчү маалыматтык кызматтарын көрсөтүүнүн тизмеси жана шарттары, ошондой эле абонентке гана берилиши мүмкүн болгон купуя маалыматты түзгөн маалыматтардын мазмуну жана көлөмү маалыматтарды берүү оператору тарабынан аныкталат.
22. Акы төлөнүүчү жана акысыз маалыматтык кызматтарды маалыматтарды берүү оператору сатуу кеңселеринде, ошондой эле автомаалымдагычтар аркылуу, байланыш-борбор аркылуу, “Интернет” маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы сайт аркылуу, мобилдик тиркеме же маалыматтарды берүү оператору тарабынан аныкталган башка жолдор аркылуу көрсөтүүгө укуктуу.

4- глава. Маалыматтарды берүү абонентин жекелештирүү, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү тартиби жана шарттары

23. Маалыматтарды берүү кызматтары маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндөгү акы төлөнүүчү келишимдин негизинде көрсөтүлөт. Келишим боюнча тараптар болуп жеке же юридикалык жак жана маалыматтарды берүү оператору саналат.
24. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү үчүн арыз ээси маалыматтарды берүү оператору белгилеген форма боюнча маалыматтарды берүү операторуна

арыз берет. Арыз берүү жана аны каттоо ыкмалары, тартиби маалыматтарды берүү оператору тарабынан белгиленет.
25. Жеке адам маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү тууралуу арыз берүүдө ага өзүнүн инсандыгын ырастоочу документинин көчүрмөсүн тиркейт.
26. Юридикалык жактын өкүлү келишим түзүү жөнүндө арыз берүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган документти (ишеним кат же жалгыз аткаруучу органдын тийиштүү чечими), ошондой эле юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн (маалымкаттын) көчүрмөсүн тиркейт.
27. Маалыматтарды берүү оператору келишимди түзүү жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 15 иш күндөн ашпаган мөөнөттө маалыматтарды берүү тармагына кирүүгө уруксат берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүнүн болушун текшерет. Техникалык мүмкүнчүлүк болгон учурда, маалыматтарды берүү оператору жекелештирүү жол-жобосун жүргүзөт жана ушул Эрежелердин 28 жана 42-пункттарында аныкталган тартипте арыз ээси менен келишим түзөт.
28. Келишим Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт. Келишим белгисиз мөөнөткө мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт. Арыз ээсинин каалоосу боюнча аны менен мөөнөттүү келишим түзүлүшү мүмкүн.
29. Маалыматтарды берүү оператору маалыматтарды берүү тармагына кирүүгө уруксат берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, жекелештирүүдөн жана келишимди түзүүдөн баш тартууга укуктуу. Бул учурда маалыматтарды берүү оператору техникалык мүмкүнчүлүгүнүн болушун текшерүү аяктаган күндөн тартып 15 иш күндөн ашпаган мөөнөттө өзүнүн баш тартуусу тууралуу арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү. Жооп берүүнүн формасы маалыматтарды берүү оператору тарабынан белгиленет.
30. Маалыматтарды берүү оператору келишим түзүүдөн негизсиз баш тарткан же качкан учурда арыз ээси сотко кайрылууга укуктуу.
31. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим маалыматтарды берүү тармагына кирүүгө уруксат берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгү болгондо жана арыз ээси жекелештирүү жол-жобосунан ийгиликтүү өткөн шартта гана түзүлүшү мүмкүн.
32. Жекелештирүү төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт:
– маалыматтарды берүү операторунда аралыктан каттоо мүмкүнчүлүгү болгон учурда, аралыктан каттоо;
– маалыматтарды берүү операторунун персоналы жана/же ыйгарым укуктуу адамы тарабынан каттоо.
33. Жекелештирүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн анын ыкмасына карабастан, арыз ээси төмөнкүдөй идентификациялык маалыматтарды операторго берүүгө милдеттүү:
– жеке жак үчүн: аты-жөнү, туулган датасы, ошондой эле инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү. Аралыктан жекелештирүү учурунда, арыз ээси жүзүнүн сүрөтүн кошумча берет, ал алып салынышы, оңдолушу же түзөтүлүшү мүмкүн эмес;
– юридикалык жак үчүн: юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн (маалымкаттын) көчүрмөсү электрондук же кагаз түрүндө, уюмдаштыруучу документтер, анын ичинде аткаруу органынын адамынын ыйгарым укуктарын ырастаган документ; аткаруу органынын адамынын же ишеним кат боюнча өкүлүнүн инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү; келишим түзүүдө юридикалык жактын кызыкчылыгын коргоого ишеним кат.
34. Арыз ээсин жекелештирүү аны жүргүзүү ыкмасына карабастан маалыматтарды берүү оператору тарабынан ушул Эрежелердин 32-пунктунда көрсөтүлгөн идентификациялык маалыматтарды алуу жана белгилөө аркылуу, ошондой эле анын түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлөт.
35. Арыз ээси маалыматтарды берүү операторунун персоналы же ыйгарым укуктуу адамы тарабынан сатуу кеңсесинде же абоненттик терминал орнотулган жерде жекелештирилген учурда, жекелештирүү ушул Эрежелердин 32-пунктунда белгиленген тартипте инсандыгын ырастоочу документин берүү менен анын жеке катышуусунда жүргүзүлөт.

36. Аралыктан жекелештирүү тартиби маалыматтарды берүү оператору тарабынан аныкталат. Ошондой эле маалыматтарды берүү операторунун аралыктан жекелештирүү боюнча системасы инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасынын алдынкы жагынын жана арткы бетинин фото же видеосүрөтүн, арыз ээсинин фотосүрөтү бар инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы менен бирге фото же видеосүрөтүн милдеттүү түрдө алууну камсыздоого тийиш. Аралыктан жекелештирүүдө маалыматтарды берүү оператору фото же видеосүрөттү берүүчү түзүлүштө аларды сактоо мүмкүндүгүсүз реалдуу убакыт режиминде берүүнү, жекелештирүү жол- жобосуна байланышкан маалыматтарды берүүнү коргоону камсыздоого милдеттүү.
37. Берилүүчү маалыматтардын аныктыгы, толуктугу жана актуалдуулугу үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт. Жекелештирүү жол-жобосунан өтүүдө жана андан өткөндөн кийин арыз ээси тарабынан жүргүзүлүүчү бардык иш-аракеттер арыз ээсинин өзү тарабынан жасалды деп эсептелет.
38. Маалыматтарды берүү абоненти жекелештирүүдө (каттоодо) көрсөтүлгөн өзү тууралуу маалыматтар өзгөргөн учурда мындай өзгөрүүлөрдөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде операторго актуалдуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтарды берүүдөн баш тарткан учурда оператор маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү токтото турууга укуктуу.
39. Маалыматтарды берүү оператору арыз ээсине төмөнкү учурларда жекелештирүүдөн жана келишим түзүүдөн баш тартат:
– арыз ээси тарабынан ушул Эрежелердин 33-пунктуна ылайык документтердин топтому толук берилбесе;
– эгер маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү тууралуу арызда көрсөтүлгөн аймак тейлөө зонасынан тышкары жайгашса, башкача айтканда маалыматтарды берүү тармагына уруксат берүүнүн техникалык мүмкүндүгү жок болсо;
– 16 жашка толо элек адам катталса;
– жеке маалыматтарды топтоого, иштеп чыгууга, берүүгө, колдонууга жана сактоого жеке маалыматтарды берүүдөн баш тартылса;
– автоматташтырылган маалымат алмашууну уюштурууда берилген инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасынын маалыматтары жок болсо же Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин маалыматтарына шайкеш келбесе;
– инсандыгын ырастоочу документтин ээсинин инсандыгын идентификациялоо мүмкүн болбосо;
– инсандыгын ырастоочу документтин колдонуу мөөнөтү аяктаса;
– инсандыгын ырастоочу документте көрсөтүлгөн маалыматтар, анын ичинен адамдын жүзүнүн сүрөтү окулбаса же начар окулса;
– арыз ээсинин жүзү инсандыгын ырастоочу документтеги анын фотосүрөтү менен шайкеш келбесе;
– адамдын жүзү жабык болсо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда, инсандыгын ырастоочу документ жараксыз деп таанылса.
40. Маалыматтарды берүү оператору үчүнчү жакка маалыматтарды берүү операторунун атынан жана анын эсебинен келишим түзүүнү, ошондой эле оператордун атынан маалыматтарды берүү абоненти менен эсептешүүнү тапшырууга укуктуу.
41. Үчүнчү жак тарабынан маалыматтарды берүү операторунун атынан жана анын эсебинен түзүлгөн келишим боюнча укуктар жана милдеттер түздөн-түз маалыматтарды берүү операторунда келип чыгат.
42. Келишимде төмөнкүдөй маалыматтар жана маанилүү шарттар көрсөтүлөт:
1) келишимди бекитүү датасы жана орду;
2) тараптардын аталышы;
3) маалыматтарды берүү операторунун алыш-бериш эсебинин маалыматтары;4) ушул Эрежелердин 33-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү абоненти жөнүндө маалыматтар:
5) абоненттик терминалды орнотуу дареги;
6) көрсөтүлүүчү кызматтар, аларды алуу тартиби;
7) эсептешүү методу (аванстык/кредиттик), эсептешүү формасы (накталай, накталай эмес);
8) абоненттердин арыздарын же дооматтарын кароо мөөнөттөрү;
9) маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү тартиби жана токтото туруу учурлары, келишимди бузуу же токтотуу.

5- глава. Маалыматтарды берүү кызматтарынын сапаты

43. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүдө оператор өздүк маалыматтарды берүү тармагынын чегинде төмөнкүдөй орточо айлык сапаттык көрсөткүчтөрдү кепилдейт:
– IP-пакеттерди берүүнүн кечигүү убактысы – 15 миллисекундадан ашык эмес, ал эми радиорелейлик байланыш линиялары колдонулган учурда – 30 миллисекундадан ашык эмес;
– IP-пакеттерди жоготуу коэффициенти – 3 пайыздан ашык эмес;
– IP-пакеттерди берүүнүн кечигүү убактысы боюнча тиешелүү ченемдерине шайкеш келген кошундулардын үлүшү – 90 пайыздан кем эмес;
– IP-пакеттерди жоготуулар боюнча ченемдерге шайкеш келген кошундулардын үлүшү – 90 пайыздан кем эмес;
– маалыматтарды берүүнүн ылдамдыгы – келишимде (тарифтик планда) көрсөтүлгөн максималдуу ылдамдыктын 70 пайызынан кем эмес.
Өлчөөлөрдүн мезгилдүүлүгү жана өлчөө ыкмалары оператор тарабынан өз алдынча белгиленет. Сапат параметрлерин өлчөө натыйжаларын сактоо мөөнөтү өлчөө жүргүзүлгөн күндөн тартып үч айды түзөт.
Эскертүү: өздүк маалыматтарды берүү тармагы деп маалыматтарды берүү операторунун абонентинин жакынкы активдүү жабдууларына чейинки маалыматтарды берүү операторунун жабдууларынын комплекси түшүнүлөт.
44. Техникалык чектөөлөр, пакеттердин кармалышы же жоготуулар болгон учурда жана келишимде көрсөтүлгөн тышкы үзгүлтүктөрдөн улам келип чыккан жана жабдууга көз каранды болбогон жана маалыматтарды берүү операторунун күнөөсү боюнча болбогон башка учурларда маалыматтарды берүү оператору маалыматтарды берүү кызматтарынын сапаты үчүн жоопкерчилик тартпайт.

6- глава. Эсептешүү тартиби жана шарттары

45. Белгилүү бир тарифтик план боюнча көрсөтүлүүчү байланыш кызматтарына тарифтер корпоративдик кардарларды кошпогондо, ушул тарифтик планды колдонгон маалыматтарды берүү абоненттери үчүн бирдей колдонулат. Маалыматтарды берүү кызматтарына тарифтер жана маалыматтарды берүү оператору менен абоненттердин ортосундагы эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында белгиленет жана жүргүзүлөт. Тараптардын макулдашуусу боюнча абоненттин жеке суроо-талабы түзүлгөн жеке тарифтик пландарды түзүүгө жол берилет.
46. Абоненттин маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөөсү үчүн негиз болуп келишим жана/же маалыматтарды берүү операторунун автоматтык түрдө эсептөө системасы (мындан ары – АЭС) маалыматтарынын негизинде түзүлгөн эсеп саналат.
47. АЭСтин маалыматтарынын негизинде түзүлгөн маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсебинин абалы жөнүндө маалымат оператор тарабынан маалыматтарды берүү абонентине акысыз берилет.
48. Маалыматтарды берүү кызматтарына тарифтер, аларды төлөө тартиби эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, оператор тарабынан маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимде жана/же тарифтик пландарда өз алдынча белгиленет.
49. Абонент тарабынан алынган бардык маалыматтарды берүү кызматтарынын наркы эсептешүү мезгили үчүн суммаланат. Эсептешүү мезгили жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүдө колдонулуучу эсептешүү формасы (накталай жана накталай эмес) оператор тарабынан өз алдынча белгиленет.
50. Маалыматтарды берүү кызматтары үчүн эсептешүүлөр аванстык же кредиттик метод менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
51. Аванстык эсептешүү методу:
– маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсебине маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү башталганга чейин тандалган тарифтик планда аныкталуучу, маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсебинде оң калдыкты түзгөн суммада аванс (төлөм) төлөнөт;
– маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсебине төлөнгөн аванстык төлөмдөр абонент колдонгон тарифтик пландын шарттарына ылайык маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөө үчүн колдонулат.
52. Ушул Эрежелерде белгиленген тартипте талап кылынбаган, маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөө үчүн төлөнгөн акча каражаттары оператор тарабынан эскирүү мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнчө топтолуучу эсепке алынат. Эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин талап кылынбаган акча каражаттары оператор тарабынан башка кирешелерге эсептен чыгарылат.
53. Кредиттик эсептешүү методу:
– кредиттик эсептешүү методунда маалыматтарды берүү абоненти келишимдин жана/же тарифтик пландын шарттарына ылайык эсептешүү мезгилинде иш жүзүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү кызматтары үчүн акы төлөйт;
– иш жүзүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү кызматтары үчүн акы төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу оператор тарабынан тарифтик пландарда аныкталган өлчөмдө акчалай сумманы төлөө менен камсыздалат. Маалыматтарды берүү абоненти тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөө боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда, оператор камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын түзүлгөн карызды төлөөгө жумшоого укуктуу;
– оператор маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсеби үчүн кредит берүү лимитин (чегин) белгилөөгө укуктуу, ага жеткен учурда оператор маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү токтото турууга жана/же иш жүзүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү кызматтары үчүн кезексиз эсеп берүүгө укуктуу, ал эсепте көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнүүгө тийиш;
– кезексиз эсеп эсептешүү мезгилинен аз узактыктагы убакыт мезгили үчүн берилет;
– абоненттин өздүк эсебине көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү кызматтарын төлөө үчүн жетиштүү акча каражаттары мөөнөтүндө түшпөгөн учурда оператор өздүк эсепке акча каражаттары түшкөнгө чейин маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү токтото турууга укуктуу;
– кредит берүү лимитинин (чегинин) өлчөмү оператор тарабынан өз алдынча аныкталат.
54. Кредиттик эсептешүү методунда оператор ай сайын, эсептешүү мезгили аяктаган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде кредиттик эсептешүү методун колдонгон маалыматтарды берүү абонентине АЭСтин көрсөткүчтөрүнүн негизинде тандалган тарифтик планга ылайык эсеп берип турат.
55. Маалыматтарды берүү абонентинин күнөөсү боюнча эсепти албоо же алууну кечиктирүү абоненттин маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөөдөн баш тартуусу үчүн же акы төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу, бөлүп төлөө үчүн негиз болуп саналбайт.
56. Берилген эсеп боюнча маалыматтарды берүү абоненти тарабынан төлөнгөн ашыкча сумма оператордун эсебине түшкөн учурда, көрсөтүлгөн ашыкча сумма оператор тарабынан башка эсептешүү мезгили үчүн берилген маалыматтарды берүү кызматтары үчүн эсептешүүлөргө колдонулат.
57. Оператор маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсебине тийиштүү сумма түшкөнгө чейин абонентке маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтпөөгө укуктуу.
58. Абоненттин акчалай милдеттенмеси аткарылды деп маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсебине акча каражаттары түшкөн учур саналат.
59. Маалыматтарды берүү абоненти анык өздүк эсебин көрсөтүү менен маалыматтарды берүү кызматтары үчүн акы төлөөнү жүргүзөт. Көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү кызматтары үчүн эсептешүү максаттары үчүн тиешелүү кошуу белгиленген учурда колдонулган тарифтик план колдонулат.
60. Маалыматтарды берүү абоненти төмөнкү учурларда төлөмдү кайра эсептөөнү талап кылууга укуктуу:
– маалыматтарды берүү кызматтары үчүн оператор берген эсеп боюнча каталар аныкталса;
– маалыматтарды берүү абонентинин макулдугусуз акы төлөнүүчү маалыматтарды берүү кызматтары көрсөтүлсө;
– оператордун күнөөсү боюнча маалыматтарды берүү кызматтары жок болсо.
61. Маалыматтарды берүү абонентинен кайрылуу түшкөндө, оператор ушул Эрежелердин 60-пунктунда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталган учурда, кайра эсептешүү жүргүзүүгө милдеттүү.

7- глава. Башка шарттар

62. Маалыматтарды берүү оператору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тарифтерди, тарифтик пландын шарттарын, келишимдин шарттарын өзгөртүүгө, ошондой эле тарифтик планды жоюуга жана/же айрым акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүнү токтотууга, алар колдонууга киргизилгенге чейин 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен маалыматтарды берүү операторунун сайтына, жалпыга маалымдоо каражаттарына же өздүк кабинетине маалымат жайгаштыруу аркылуу бул тууралуу абонентке билдирүү менен;
2) АЭСтин көрсөткүчтөрүнүн негизинде маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгарууну жүргүзүүгө;
3) эгерде маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсебинде ал тандаган тарифтик план боюнча кызматтарга акы төлөө үчүн акча каражаттары жетишсиз болсо, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү токтото турууга;
4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысынын негизинде же болбосо маданият, маалымат, жаштар, спорт, дене тарбия, туризм жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функциясын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча убактылуу негизде маалыматтык материалдарга жетүүнү чектөө боюнча техникалык мүмкүнчүлүк болгондо кабарлоосуз иш-аракеттерди жүргүзүүгө;
5) ушул Эрежелердин 13-пунктунда каралган учурларда маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү токтотууга;
6) пайда табуу максатында маалыматтарды берүү кызматтарын кайра сатуу аркылуу аны коммерциялык колдонгон учурда, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү токтото турууга;
7) маалыматтарды берүү абоненти башка келишимдик милдеттенмелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнү токтото турууга.
63. Маалыматтарды берүү абоненти төмөнкүлөргө укуктуу:
1) келишимдин, тарифтик пландын шарттарында маалыматтарды берүү кызматтарын пайдаланууга;
2) тийиштүү арыз берүү, маалыматтарды берүү оператору менен бардык эсептешүүлөрдү жүргүзүү менен келишимди андан ары аткаруудан бир тараптуу баш тартууга;
3) маалыматтарды берүү абонентинин келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартуусу болуп абоненттин өздүк эсебине тарифтик планда жана/же келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде тарифтик план боюнча маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөө үчүн жетиштүү суммада акча каражаттарынын түшпөгөндүгү саналат;
4) тарифтик планды алмаштыруу маалыматтарды берүү абоненти тарабынан оператор белгилеген ыкмалар менен акысыз жүргүзүлөт. Жаңы тарифтик пландын шарттары тийиштүү төлөм жүргүзүлгөн учурдан тартып колдонулуп баштайт.
64. Маалыматтарды берүү абонентине төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) операторго жана/же үчүнчү жактарга зыян же чыгым алып келген же ушундай зыян же чыгым келтирүү коркунучун түзгөн иш-аракеттерди жана маалыматтарды берүү тармагын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган башка иш-аракеттерди жасоого;
2) маалыматтарды берүү тармагына жетүү үчүн шлюздарды, программалык камсыздоону орнотууга жана/же колдонууга жана маалыматтарды берүү операторунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз келишимде каралбаган же маалыматтарды берүү жабдууларынын жана түзүлүштөрдүн ишке жарактуулугун бузууга алып келген башка иш-чараларды жүргүзүүгө;
3) зыяндуу программалык камсыздоону жайылтууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарын бузган иш-аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого.
65. Маалыматтарды берүү абоненти көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына, маалыматтарды берүү операторунун кызматтарынын жана персоналынын ишиндеги кемчиликтерге, эсептешүүдөгү каталарга карата операторго даттануу же келишимдин шарттарын аткарбоо боюнча доомат менен кайрылууга укуктуу.
66. Маалыматтарды берүү абонентинин даттануусун кароо маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
67. Маалыматтарды берүү оператору маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда абоненттер керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга же сотко кайрылганга чейин операторго доомат коёт.
68. Доомат жазуу, оозеки, электрондук формада коюлат жана аны оператор алган күнү катталууга тийиш.
69. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүдөн баш тартуу, келишимден келип чыгуучу милдеттенмелерди өз убагында же талаптагыдай аткарбоо, маалыматтарды берүү кызматтары үчүн берилген эсеп менен макул болбоо менен байланышкан маселелер боюнча дооматтар кызмат көрсөтүлгөн, аны көрсөтүүдөн баш тартылган же эсеп берилген күндөн тартып 3 айдын ичинде кабыл алынат.
70. Маалыматтарды берүү оператору тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөөнүн өлчөмүн азайтуу, ошондой эле маалыматтарды берүү кызматы үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтаруу жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүдөн баш тартууга байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу тууралуу абоненттин талаптарын негиздүү деп тааныса, доомат таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө алар канааттандырылууга тийиш.
71. Доомат толугу менен же жарым-жартылай четке кагылган же болбосо аны кароо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө жооп албаган учурда абонент сотко кайрылууга укуктуу.
72. Өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн келишим боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
73. Оператор төмөнкү учурларда маалыматтарды берүү абонентинин алдында жоопкерчилик тартат:
– маалыматтарды берүү тармагына жетүү мөөнөтү бузулса;
– маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүнүн белгиленген мөөнөттөрү бузулса;
– тарифтик планда белгиленген маалыматтарды берүү кызматтарынын бардыгы көрсөтүлбөсө;
– маалыматтарды берүү кызматтары сапатсыз көрсөтүлсө;
– маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүүгө байланышкан маалымат берилбесе;
– мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, келишимди аткарууга байланыштуу операторго белгилүү болгон маалыматтарды берүү абоненти тууралуу маалыматтарды жайылтууну чектөө жөнүндө талаптар бузулса;
– мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, маалыматтарды берүү кызматтары жөнүндө маалыматтардын жашыруундуулугун бузуу.

74. Маалыматтарды берүү абонентинин башка абонентинин өздүк эсебине кассалар, терминалдык түзүлүштөр аркылуу жана маалыматтарды берүү оператору тарабынан берилген башка ыкмалар менен башка маалыматтарды берүү абонентинин өздүк эсебине төлөмдү туура эмес төлөө үчүн оператор жоопкерчилик тартпайт. Ошол эле учурда оператор туура эмес төлөнгөн төлөмдү кайтаруу жол-жобосун өз алдынча аныктоого укуктуу.
75. Үчүнчү жактар аркылуу маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөө үчүн төлөнгөн акча каражаттарынын түшүүсү кечиктирилген учурда оператор жоопкерчилик тартпайт.
76. Маалыматтарды берүү абоненти төмөнкү учурларда оператордун алдында жоопкерчилик тартат:
– маалыматтарды берүү кызматтарына акы төлөнбөсө, толук эмес төлөнсө же өз убагында төлөнбөсө;
– маалыматтарды берүү тармагына белгиленген талаптарга шайкеш келбеген абоненттик терминалды кошууга тыюу салуу сакталбаса;
– ушул Эрежелерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарында тыюу салынган максаттар үчүн маалыматтарды берүү кызматтары пайдаланылса;
– лотереяларды, добуш берүүлөрдү, конкурстарды, викториналарды, жарнамаларды, сурамжылоолорду жүргүзүү, билдирүүлөрдү массалык таркатуу, маалыматтарды берүү тармагына жетүү үчүн шлюздарды орнотуу жана оператордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз келишимде каралбаган башка иш-чараларды жүргүзүү үчүн маалыматтарды берүү кызматтарын пайдалануу;
– маалыматтарды берүү тармагына жетүү үчүн шлюздар, программалык камсыздоо орнотулса жана/же пайдаланылса, маалыматтарды берүү чакырыктарынын багытын же аларды орнотуу тартибин өзгөртүүгө багытталган, анын ичинде оператордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз маалыматтарды берүү жабдууларынын жана түзүлүштөрдүн ишке жарактуулугун бузууга алып келген, келишимде каралбаган башка иш-чаралар жүргүзүлсө;
– маалыматтарды берүү тармагына санкциясыз уруксат алууга багытталган иш-аракеттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарында каралбаган башка иш-аракеттер жасалса.