Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги борбордук аппараттын мамлекеттик жарандык кызматынын башкы, улук, кенже административдик орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
4. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
5. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
6. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
7. «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
8. «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
9. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
* Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
* Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро» маалыматтык-укуктук системасы).
Административдик кызмат орундарынын БАШКЫ топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Финансы-экономикалык пландоо чөйрөсүндө
1) Кесиптик билим деӊгээли:
– экономика жана финансы багыттары боюнча жогорку билим;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик тилди билүүнүн деӊгээли жөнүндө сертификаттын болушу (артыкчылык берилет).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы 3 жылдан кем эмес жыйынды стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
– «Бухгалтердик эсеп өнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтому менен бекитилген Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген «Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» жобо;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүү;
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн билгичтиктер:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата мамилелерди талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн көндүмдөр:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнүн кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
Административдик кызмат орундарынын УЛУК топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Укуктук камсыздоо чөйрөсүндө
1) Кесиптик билим деӊгээли:
– юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы 1 жылдан кем эмес жыйынды стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси; Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Маалымат алуу укугу жөнүндө»; «Электр байланышы жөнүндө»; «Почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө»; «Электрондук башкаруу жөнүндө»; «Электрондук колтамга жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө»; «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө»; «Тышкы миграция жөнүндө»; «Жарандык абалдын актылары жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө»; «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;
– мамлекеттик жана расмий тилди билүү.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн билгичтиктер:
– маалыматтарды топтоо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн көндүмдөр:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик кызмат орундарынын КЕНЖЕ топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Финансы-экономикалык пландоо чөйрөсүндө:
1) Кесиптик билим деӊгээли:
– экономика жана финансы багыты боюнча жогорку билим;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик тилди билүүнүн деӊгээли жөнүндө сертификаттын болушу (артыкчылык берилет).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3) Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
– «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы № 2-П буйругу менен бекитилген мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту киргизүү боюнча жобо;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 токтому менен бекитилген Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Санариптик инфратүзүмдү, инновациялык өнүгүүнү, маалыматтык технологияларды жана байланышты өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтому менен бекитилген «Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» жобо;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүү;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө тилдерди билүү.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн билгичтиктер:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылуулары боюнча кароо жана жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштөө.
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн көндүмдөр:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу зарыл:
– жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү (1 даана 3*4), резюме (соттолгон/соттолбогондугун көрсөтүү менен);
– паспорттун көчүрмөсү (ким экендигин ырастоочу паспорттун же документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
– зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтер (нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө, илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);
– сунуштама каттар (артыкчылык берилет);
– толук маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин веб-сайтында жайгаштырылган www.digital.gov.kg.
Көктөмөгө көктөлүүчү документтерди 2025-жылдын 2-апрелинен 11-апрелине чейин тапшыруу зарыл, дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119, № 218 кабинет, телефон: 60-50-04