СӨМ КР караштуу Архив кызматынын мекемелери жана бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскуранты

Бул “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын мекемелери жана бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин Прейскуранты” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин макулдашуусунан өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 22-августундагы №285 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринде аткарылуучу иштердин негизги түрлөрүн иштеп чыгуунун жана убакыттын типтүү ченемине” ылайык, 1 адамдын 1 минутадагы эмгек наркын, ошондой эле кино, фото, фоно, документтер боюнча кызмат көрсөтүүдө сарпталуучу материалдарды, каражаттарды пайдаланган чыгымдардын наркынын эсебинин негизинде иштелип чыкты.

Прейскурантта Архив кызматынын мекемелеринин жана бөлүмдөрүнүн негизги иш эрежелери жана башка ченемдик актылардын талаптарына ылайык аткарылган иштин бардык технологиялык процесстери жана операциялары, анын ичинде негизги, даярдоочу жана көмөкчү иштеринин баалары камтылган.

 

Прейскурант эки бөлүктөн турат:

 

1-бөлүк – кагаз негизиндеги документтер менен иштөө;
2-бөлүк – аудиовизуалдык документтер менен иштөө (кино, фото, фоно, видео).

 

КМШ мамлекеттеринин жарандарынан келип түшкөн социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптардын аткарылышы КМШ мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде жана келишимди бузбоо максатында, архивдик маалымкаттар акысыз аткарылат, мүлктүк укуктарга тиешелүү документтерден тышкары.
Кыргыз Республикасынын жарандарынан кабыл алынган социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү суроо-талаптардын аткарылышына баасы Прейскуранттын негизинде алынат.
Архив мекемелерине мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелерден келип түшкөн тематикалык суроо-талаптар акысыз аткарылат, мүлктүк укуктарга тиешелүү документтерден тышкары.

 

Ал эми, төмөнкү мекеме-уюмдардан келип түшкөн суроо-талаптар акысыз аткарылат:

 

1. Фонд түзүүчү мекемелер (тематикалык суроо-талаптар гана);
2. Майыптар үйлөрү;
3. Кызыл крест жана Кызыл жарым ай коомдору;
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив мекемелери жана Архив кызматынын кызматкерлери;
5. Соттордон, прокуратура органдарынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (кылмыш иши козголгон учурларда белгиленген тарипте);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин юбилейлик иш-чараларынын жылдык планына киргизилген юбилейлерге жана белгилүү даталарга арналган иш-чараларды өткөрүү үчүн архивдик документтердин көчүрмөлөрү акысыз берилет.
Эскертүү: 50 барактан ашкан документтердин көчүрмөлөрү суроо-талап ээсинин кагаз менен камсыздоо шартында аткарылат.

 

Төмөнкү категориядагы жарандардын социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо талаптары акысыз тейленет:

 

1. Советтер Союзунун, Кыргыз Республикасынын жана Социалисттик эмгектин баатырлары;
2. “Баатыр эне”, “Эне даңкы” орденинин ээлери;
3. Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучулары;
4. Улуу Ата-мекендик согуштун майыптары;
5. 1, 2 жана 3 группадагы майыптар жана бала кезинен ооруган майыптар;
6. Интернационалист – жоокерлер;
7. Чернобль АЭС кырсыгын жоюуга катышкандар;
8. Баткен окуясынын катышуучулары;
9. 2010-жылдагы апрель окуясынын катышуучулары;
10. Багар кишиси жок, пенсия, жөлөк пул алуучулар.

 

“1941-1945-жж. Улуу Ата-мекендик согуш мезгилинде күжүрмөн эмгеги үчүн” медалы менен сыйлангандыгы тууралуу маалымат акысыз берилет.
Мамлекеттик архив мекемелеринин окуу залдарындагы каталогдор, архивдин илимий-маалымдагыч аппараттары менен иштөө акысыз жүргүзүлөт.
Кагаз негизиндеги документтер боюнча тематикалык жана социалдык-укуктук багыттагы маалымат берүү, суроо-талап катталган күндөн баштап 30 күндүк мөөнөттө аткарылат.
Зарыл учурда арыз ээсинин суранычы жана макулдугу менен архивдин жетекчисинин резолюциясына ылайык суроо-талаптар тез аранын ичинде аткарылса мамлекеттик кызматтын баасынын наркы көтөрүлөт:
– 10 календардык күндүк мөөнөттөгү баасы – 50%;
– 3 жумушчу күндүк мөөнөттөгү баасы – 100% (социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптар гана кабыл алынат).

 

Социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү суроо-талаптарды аткарууда алдын ала төлөм алынбайт жана терс жооптор акысыз аткарылат.
Аудиовизуалдык документтер менен иштөөдө талапкер менен түзүлгөн келишим баа технологиялык процесстерге, операцияларга, даярдоо жана көмөкчү иштерге карата өзгөрүшү мүмкүн. Жумуштун наркына ишти аткарууга керектелүүчү каражаттарга (кассеталар, дискалар, фотопленкалар, фотокагаздар, транспорттук чыгымдар, ж.б.) кеткен чыгымдар, башка уюмдарга жана мекемелерге сарпталуучу (мисалы, көргөзмөнү жасалгалоого сүрөтчүгө, кинопленкадагы материалды бөлөк материалга көчүрүп жазууга) кеткен чыгымдар кошулат.
Юридикалык жана жеке жактар убактылуу колдонууга алган документтерди мөөнөтүндө кайтарылбаса, жоготсо, же бузса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.

 

1 -БӨЛҮК. КАГАЗ НЕГИЗИНДЕГИ ДОКУМЕНТТЕР МЕНЕН ИШТӨӨ

 

Иштин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталыштары Ченем бирдиги Наркы

(сом менен)

1. Документтерди мамлекеттик сактоого тапшыруу үчүн даярдоо

(БР 8- главасы, 13-пункту)

1.1.             Архивдик документтерди (көктөмөлөрдү)  илимий-техникалык жактан иштетүү:
туруктуу сакталуучу көктөмөлөр; көктөмө 85
өздүк курам боюнча  көктөмөлөр; көктөмө 71
өздүк   делолор (көктөлгөнү). көктөмө 21
1.2. Көктөмөлөрдү көктөө (тигүү);
200 барака чейин. көктөмө 57
1.3 Көктөмөлөрдү мукабалоо же брошюралоо

(мукабанын калыңдыгы 4 см сейин);

брошюра,

көктөмө

142
1.4. Иштелип чыккан көктөмөлөргө илимий- маалыматтык аппарат түзүү:

тизимдерге ички илимий маалыматтык аппарат (титулдук баракча, тарыхый маалымкат (предисловие к описи) же тарыхый маалымкатка  кошумчалоо (дополнение к предисловию), кыскартылган сөздөрдүн  тизмеси.

тизим 425
1.5. Аткарылган иштердин техникалык жактан таризделиши жана басып чыгаруу. көктөмө 21
1.6. Архивдик документтерди (көктөмөлөрдү)  илимий-техникалык жактан иштетүүнүн бүткөрүлүшү тууралуу акт жана ордунда жок болуп, тизимдерге кирбей калган көктөмөлөргө маалымкат түзүү. акт

маалым кат

 

43

1.7. Кошумча кызмат көрсөтүүлөр:  
көктөмөлөрдү чаңдан арылтуу (материалдык чыгымсыз); көктөмө 4
көктөмөлөрдү кутулаштыруу (материалдык чыгымсыз); көктөмө 3
көктөмөлөрдү шифрлөө. көктөмө 4

 

1.       Архив иши жана иш-кагаздары боюнча сабактарды өтүү

(БР 1- главасы, 120-пункту)

2.1. Лекция жана семинар өткөрүү (практикалык сабак өткөрүү) мекеменин демилгеси боюнча. 1 акад. саат 425
2.       Жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү маалыматтарды берүү

(БР 6- главасы, №40-пункту)

3.1. Айлык маянасы, эмгек стажысы тууралуу суроо-талаптарды аткаруу үчүн так чыккан, орто эсеп менен бир жылдык маалымат топтолгон көктөмөлөрдү карап чыгуу, фактылар аныкталса
– 1 жылдык маалымат үчүн. 1 жылдык маалымат 57
3.2.  Юридикалык жана  жеке жактардын социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптарын аткаруу:  
менчик үй курууга жер тилкеси бөлүнгөндүгү тууралуу;

 

архивдик маалымкат,  көчүрмө  1 фактыга 398
квартира бөлүнгөндүгү тууралуу;

 

архивдик маалымкат,  көчүрмө  1 фактыга 398
элдин менчик укугун тастыктаган маалымат  (нотариалдык иш); архивдик маалымкат,  көчүрмө  1 фактыга 398
мамлекеттик сыйлыктар  тууралуу  “1941-1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги үчүн” медалынан башка; архивдик маалымкат,  көчүрмө 1 фактыга 228
массалык репрессиядан жабыр тарткан, акталган, эвакуацияланган  жактар (адамдар) тууралуу; архивдик маалымкат,  көчүрмө 1 фактыга 228
республиканын  аймагында жашагандыгы тууралуу архивдик маалымкат, көчүрмө 1 фактыга 228
шаар, айыл, көчөлөрдүн, уюмдардын, мекемелердин, ж.б. аталышынын  өзгөрүлгөндүгү  жана башка фактылар тууралуу; архивдик маалымкат,  көчүрмө 1 фактыга 228
өздүк мүнөздөгү фактылар тууралуу. архивдик маалымкат,  көчүрмө 1 фактыга 228
3.3. Республиканын аймагында жашагандыгын, чарба китептериндеги үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамын, жашагандыгын, окугандыгын жана жер үлүштөрүн тастыктоо тууралуу маалыматтар. архивдик маалымкат, көчүрмө 228
3.4.Юридикалык уюмдардын, адвокаттык конторалардын, адвокаттардын нотариалдык багыттагы суроо-талаптарын аткаруу.  архивдик маалымкат,  көчүрмө 1 фактыга 594
3.5. Юридикалык жана жеке жактардын тематикалык багыттагы суроо-талаптарын аткаруу:
мекеме-ишканалардын, мүлктүк укуктарга тиешелүү документтери (токтомдор, чечимдер, буйруктар, протоколдор ж.б.); архивдик маалымкат,  көчүрмө, 1 фактыга 594
жеке-менчик кожолуктарына (хозяйствующих субъектов) таандык мүлкү жана менчик жер үлүштөрү тууралуу (чечимдер, токтомдор, буйруктар, протоколдор ж.б.). архивдик маалымкат,  көчүрмө 1 фактыга 594
3.6. Архивдик фонддон документтердин көчүрмөлөрүн берүү (БР 6 главасы 41-пункту)
ксерокөчүрмөсүн даярдоо; барак 7
сканер көчүрмөсүн даярдоо; барак 14
китеп сканери менен көчүрмөсүн даярдоо

(китеп сканери бар болсо).

барак 14
3.7.   Архивдик маалымкаттын жоготуп алынган, же жараксыз болуп калган маалыматтын кайталанып берилиши (1 жыл ичинде) жана кошумча экземплярларды арыз ээсинин талабы боюнча аткаруу, айрым учурда издөөнү талап кылбаган маалыматтар үчүн. маалымкат 80
4.  Мекемелер, уюмдар, ишканалар үчүн тармактык

 жана жеке көктөмөлөрүнүн номенклатурасын даярдоо

(БР 8- главасы, №16-пункту)

4.1. Көктөмөлөрдүн номенклатурасын түзүү   берене 34
5. Арыз ээсинин демилгеси боюнча документтерди    сактоо

(БР 8- главасы, 14-пункту)

5.1.Өздүк курам жана өздүк делолор боюнча 

(комплектөө булактарына гана, жыл сайын).

1 сакт. бирд. 64
5.2. Депозитардык сактоо

(юридикалык жана менчик иш-каналарга, жыл сайын).

1 сакт. бирд., байлам 106

 

2-БӨЛҮК. АУДИОВИЗУАЛДЫК ДОКУМЕНТТЕР МЕНЕН ИШТӨӨ

 

Иштин жана кызмат көрсөтүүнүн аталыштары Ченем бирдиги Наркы (сом менен)
1.       Жеке жана юридикалык жактардын суроолору боюнча социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү маалыматтарды берүү

(БР 6- главасы, 40-пункту)

6.1. Тематикалык мүнөздөгү суроо-талаптарды аткаруу (документтерди каталогдон тема боюнча табуу, алардын тизмесин хронология боюнча түзүү, терүү жана окуп текшерүү). 1 суроо-талап 850
7. Архивдик фонддон документтердин көчүрмөлорүн берүү (БР 6- главасы, 41-пункту) жана документтерди архивдик мекеменин аймагында убактылуу пайдалануу үчүнархивдик фонддон берүү

(БР 6- главасы, 42-пункту)

Иштин жана кызмат көрсөтүүнүн аталыштары Ченем бирдиги Наркы (сом менен)
1946-ж. баштап 1946-ж. чейин
7.1. Заказчиктин  DVDне  санарип фото көчүрмөсүн түшүрүп берүү (реставрациясыз):
жазуу форматы JPG
300 dpi 1 сакт. бирд. 212 142
600 dpi жана жогору 1 сакт. бирд. 212 142
жазуу форматы  TIF
300 dpi 1 сакт. бирд. 212 142
600 dpi жана жогору 1 сакт. бирд. 212 142
Иштин жана кызмат көрсөтүүнүн аталыштары Ченем бирдиги Наркы (сом менен)
7.2.Заказчиктин    дискине (DVD) видеодокументтердин көчүрмөсүн түшүрүп берүү  (реставрациясыз). 1 сек. 1,5
7.3. Заказчиктин дискине(DVD) 

Фонодокументтердин көчүрмөлөрүн түшүрүү (реставрациясыз).

1сек. 4
7.4. Аудиовизуалдык документтер архивдин кинозалынан   көрүп чыгуу,угуу  жана экрандан көчүрүп алуу. жазуу сааты,

1 сакт. бирд. (кино)

212
8. Документтерди архивдик мекеменин аймагынан сыртта убактылуу пайдалануу үчүн архивдик фонддон берүү

(БР 6- главасы, 43-пункттар)

8.1. Кинодокументтерди архив аймагынан тышкары 3 күнгө чейинки мөөнөткө  убактылуу пайдаланууга берүү:
кино 1 с.б. 637
фоно 1с.б. 637