Калк үчүн мүлктүк укуктар жөнүндө архивдик маалымкат (жеке менчик турак үй, батир куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө)
Мүлктүк укуктар жөнүндө архивдик маалымкатты берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын мекемелери жана бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Архивдик маалымкатты алууга, архивдик документтердин көчүрмөлөрү, токтомдордун, чечимдердин, буйруктардын, протоколдордун, менчиктештирүү келишимдеринин, ордерлердин ж. б. көчүрмөлөрү жеке кайрылууда арыздарды кабыл алуу ишке ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви;
- Архив кызматынын (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Ысык-Көл жана Чүй облусунун) аймактык башкармалыктары;
- Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери;
- Райондук жана шаардык мамлекеттик архивдер.
Мамлекеттик Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу мамлекеттик кызматтарды онлайн режиминде алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына кирүү;
- кызматтар каталогунан каалаган кызматты тандоо;
- кызмат көрсөтүүгө табыштаманы тариздөө;
Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн Жеке кабинетте «Алынган кызматтар» бөлүмүндө өтүнмөнү иштеп чыгуунун статусун байкоого болот.
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
Милдеттүүлөр:
- Толтурулган анкета-арыз
- Арыз ээсинин паспорту (ID карта) Документти санариптик форматта “Түндүк” тиркемесинде берүүгө болот.
- Укук белгилөөчү документтер (мамакт, сатуу-алуу келишими)
Кошумча:
- Ээси каза болгон болсо, анда туугандык фактысын ырастаган күбөлүк талап кылынат(уулу, кызы, аялы).
- Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат (үчүнчү тарап арыз берген учурда);
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат үчүн акы төлөө «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын мекемелери жана бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин Баа ченемине (прейскурант)» ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн укуктук негиздер:
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
- «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
- «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-январындагы № 33 (мындан ары – Макулдашуу) «КМШга мүчө-мамлекеттердин архивдик маалыматтарды пайдалануу жаатындагы өз ара аракеттенүүсүнүн принциптери жана формалары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу кошумча суроолор боюнча КР СӨМнин чалуу-борборуна 119 номери боюнча (чалуу Кыргыз Республикасынын бардык байланыш операторлору үчүн акысыз) 62-49-33 номер аркылуу Архив кызматына, тиешелүү мамлекеттик архивдерге жана КР СӨМгө караштуу Архив кызматынын Telegram каналына кайрылсаңыз болот.
Көп берилүүчү суроолор
Пенсияга чыгууда Социалдык фондго кандай архивдик документтерди берүү зарыл?
Кулакталган жана туткунга алынган туугандары тууралуу маалымат кайда сакталат?
Жоголгон документтерди туулгандыгы, нике жана өлүм жөнүндө күбөлүктөрдү кантип калыбына келтирет?
Төлөө делосун кантип жана кайдан алса болот?
Эмгек китепчесин кайдан алсам болот жана алар кайда сакталат?
Кызматкерге пенсия чыгуу үчүн маалыматтарды камтыган документтердин коопсуздугу үчүн ким жооп берет?
Иш тажрыйбасы эске алынбаса эмне кылуу керек?
Аудиовизуалдык документтердин көчүрмөлөрүн кантип алууга болот?
Ата-бабалары тууралуу маалыматты кайдан тапса болот?
Кыргызстандын аймагында туулгандыгы, нике жана өлүм тууралуу маалыматты ж.б. кайдан алса болот?
Ажырашуу күбөлүгүн кайдан алсак болот?
Кайсы мамлекеттик орган Бишкекте эмгек стажын тастыктап, айлык акы тууралуу көчүрмө берет?
Мамлекеттик архивге кантип кирүүгө болот?
Репрессияланган КР жарандары тууралуу маалыматтар кайда сакталат?
Эвакуациялангандардын маалыматтары кайда сакталат? (чоң атасы менен чоң энеси эвакуацияланган)
Эмгек китепчесин кантип калыбына келтирүүгө болот?
Ата-энелик укуктардан ажыратуу же чектөө жөнүндө соттун чечимдери кайда сакталат?
Кыргызстанда бир адамга кайсы мүлк катталганын кантип билсе болот?
Баланын туулган убактысы тууралуу маалыматты архивден алса болобу?
Эмне үчүн архивдик документтердин дубликаттары берилбейт?
Жоюлган мекеме, ишканалардын документтери кайсы жерде сакталат?
Кино, фото, жана видео документтердин көчүрмөлөрүн алуу үчүн кайсы жака кайрылсам болот?
Мамлекеттик архивдерде архивдик маалымкатты канча мөөнөттө алсам болот?
Жоготуп алган архивдик маалымкатты кайрадан алса болобу?
Документтерди сактоо үчүн архивге кантип өткөрүү керек?
Уюмда документтерди кантип иргөө (обработка) керек?
Уюмда документтер кантип жок кылынат?